Уилям Фолкнер

Википедия дан
Уилям Фолкнер (1954)

Уилям Катберт Фолкнер (англ. William Cuthbert Faulkner; 1897-жыл 25-сентябрь — 1962-жыл 6-июль) — америкалык жазуучу жана Миссисипинин Оксфордунан Нобел сыйлыгынын лауреаты болгон. Фолкнер романдарды, кыска аңгемелерди, пьеса, поэзия, дилбаяндарды жана сценарийлерди жазган. Анын романдарындагы жана аңгемелериндеги окуялар ойдон чыгарылган Йокнапатофа аймагында (Миссисипинин Лафайетте жергесине негизделген) болуп өткөнү менен белгилүү. Ал өз өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн ошол жерде өткөргөн.

Фолкнер жалпы эле Америка адабиятындагы, өзгөчө Түштүк адабиятында урмат-сыйга ээ болгон жазуучулардын бири болуп саналат. Эмгектери 1919-жылдан тартып, көпчүлүгү 1920 жана 1930-жылдары басылып чыгарылса да Фолкнер 1949-жылы Нобелдин адабият сыйлыгын алганга чейин салыштырмалуу түрдө таанымал болгон эмес. Ал Миссисипиде туулган жападан жалгыз Нобел сыйлыгын уткан инсан болгон. Анын эки чыгармасы, "Жомок" (англ. A Fable, 1954) менен акыркы романы "Уурулар" (англ. The Reivers, 1962) "Пулитцердин" фантастика жаатындагы сыйлыгын утуп алган. 1998-жылы Modern Library басмаканасы Фолкнердин 1929-жылдагы "Ызы-чуу жана алаңгазарлык" романын 20-кылымдагы англис тилинде жазылган эң мыкты 100 роман тизмесинде 6-катарга жайгаштырган; тизмеге "Мен өлүп жатканда" (англ. As I Lay Dying, 1930) жана "Августтагы жарык" (англ. Light in August, 1932) чыгармалары дагы кирген. "Авессалом, Авессалом!" (англ. Absalom, Absalom!, 1936) да ушул сыяктуу тизмелерге киргизилген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

25-сентябрь 1897-жылы Нью-Олбаниде (Миссисипи) университеттин иштер боюнча менеджери Марри Чарльз Фолкнер менен Мауд (Батлер) Фолкнердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Уильям Фолккнер (1826-1889) Түндүк жана Түштүк согуш мезгилинде түштүктүк армиянын катарында кызмат өтөгөн жана ошол кездеги "Мемфистин ак розасы" романынын автору болгон. Фолкнер бала кезинде үй-бүлөсү түндүктөгү Оксфорд шаарына көчүп келишкен, ал жерде жазуучу бүткүл өмүрүн өткөргөн. Уильям өзүн-өзү окуткан: ал орто мектепти аяктаган соң өз алдынча билим алууга өтүп, мезгил-мезгили менен Миссисипи университетинин курстарына катышкан.

1918-жылы Фолкнер бала кезинен бери сүйүп келген кыз Эстел Олдхэм башка бирөөгө турмушка чыгат. Уильям фронтто өз ыктыяры менен кетүүнү чечет, бирок аны, кабыл алышпайт. Андан кийин ал Канаданын королдук аба күчтөрүнө ыктыярчы катары чакырылып, Торонтодогу британ армиясынын учуу мектебине тапшырган, бирок ал курсун аяктаганга чейин Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаган.

Кадет Фолкнер Торонтодо, 1918жыл

Фолкнер Оксфордго кайтып келип, дагы бир жолу Миссисипи университетинде сабакка бара баштаган, бирок көп өтпөй кетип калган. Мындан бир жыл мурун, 1919-жылы, ал өзүнүн адабий дебютун жасаган: "Жаңы Республика" журналында анын "Түштөн кийин эс алуу" ("Après-midi d'un faune") поэмасы жарык көргөн. Андан кийин 1924-жылы ал өзүнүн биринчи китебин - "Мраморлуу фавн" («The Marble Faun») ырлар жыйнагын чыгарган.

1925-жылы Фолкнер Жаңы Орлеанда жазуучу Шервуд Андерсон менен жолугушкан. Ал Фолкнерге поэзияга эмес, прозага көбүрөөк көңүл бурууну жана Фолкнер эң жакшы билген нерсени - Американын түштүгү жөнүндө жазууну кеңеш берет.

Көп өтпөй Миссисипи штатында жаңы округ пайда болду - Фолкнер ойлоп тапкан Йокнапатофа, анын көпчүлүк чыгармалалары . Биргелешип, алар Йокнапатофа жомогун түзүшөт - Американын түштүгүнүн тарыхы, алгачкы ак отурукташкандар келгенден тартып индеецтердин жерине ХХ кылымдын орто ченине чейин. 1861-1865-жылдардагы Түштүктөрү жеңилип калган Граждандык согуш өзгөчө орунду ээлейт. Жомоктун каармандары бир нече үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү  - Сарторис, де Испания, Компсон, Сноужоу, ошондой эле Йокнапатофанын башка тургундары. Чыгармадан чыгармага өтүп, алар эски тааныштарга, чыныгы адамдар болуп калышат.











Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]