Улан
Көрүнүш
Улан
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 21 км |
бассейндин аянты | 234 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Ат-Башы, суусу |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Улан – Ат-Башы суусунун сол курамы. Нарын кырка тоосуна Улан тоосу кошулган жердеги чакан мөңгүлөрдөн башталат. Узундугу 21 км, алабынын аянты 234 км², деңиз деңгээли орточо бийиктиги 3600 м. Суу куралуу облусуна кирет. Бийик тоолуу кууш өрөөн аркылуу шар агып, Ойнокжар туштан Жаңыжер суусу менен кошулат да, Атбашы суусун түзөт. 11 куймасы бар; ирилери: Көкжар, Текелитөр, Байбиче жылаңач (оң), Аюулутөр (сол. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 8,3км2 келген 25 чакан мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль-мартта байкалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. ISBN 9967-14-006-2