Уруктандыруу

Википедия дан

Уруктандыруу - эркек жана ургаачынын жыныстык клеткаларынын бири бирине жолугушун камсыз кылуучу процесс. Сырткы жана ички уруктануу – У-нун негизги типтери. Сууда жашоочу жана көбөйүчү организмдерге (муунак курттар, кош капкактуу моллюскалар , личинкахордалуулар, ийне терилүүлөр, баш сөөксүздөр, тегерек ооздуулар, көпчүлүк балыктар, куйруксуз амфибиялар ) сырттан У. мүнөздүү. Кургакта жашоочулардын көпчүлүгүнө жана сууда жашоочулардын айрымдарына (жалпак жана жумуру курттар, көпчүлүк муунак буттуулар жана моллюскалар, акулалар , химерлер жана кээ бир сөөктүү балыктар, татаал түзүлүштүү омурткалуулар (сойлоктор, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр) ичтен уруктануу мүнөздүү. У-нун аралык тиби да байкалат – бул сырткы-ички уруктануу. Бул учурда эркектери уруктук суюгун тамчы катары же сперматофор сыяктуу сырткы чөйрөгө, субстратка жана башка таштаган мезгилде ургаачылары өздөрү алып кетишет. У-нун мындай тиби топуракта жашоочу көпчүлүк муунак буттууларга, куйруктуу амфибияларга мүнөздүү. Мындай процессти сырткы У. ички уруктанууга өтүүдөгү эволюциянын этабы катары каралат. У-нун жазалма У. айыл чарба жана балыктарды көбөйүтүүдө маанилү ролго ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]