Урум

Википедия дан

Урум (арабча Рум) — алыскы мамлекеттердин бири. Адепки маанисинде Византия мамлекетинин (395—1453-ж.) аты, кийинчерээк географиялык чөлкөм катары Кичи Азияны гана белгилеп калган. Византиянын негизги калкы (мамлекеттик тили — грек тили) өзүлөрүн "ромей" атаган. У. грек, түрк жана башкалар Кичи Азиядагы калктардын жалпысынан туюндурган этноним болуп да эсептелет. Орто кылымда караханийлердин көрүнүктүү аалымы Махмуд Кашгари өзүнүн "Түркий тилдер сөздүгүндө" (1072 — 77) түрк элдери Румдан Мачинге (Кытайга) чейин кеңири аймакта таркалганын эскерет. "Манас" эпосунда У. учкай гана учурайт. Алмамбет Көкчөдөн чыгып Манаска келген түнү Манас түш көрүп, түшүн жорутуп жатып: "Түшүмдү бузук жоруса Уулу кетет Урумга, Кызы кетет Кырымга" Радлов жазып алган вариант, 42.), — деп айтат. Багыш Сазан уулунун варианты боюнча У-дун каны болуп Тазбаймат көрсөтүлсө, Мамбет Чокмор уулунун айтуусунда Манастын чоң атасынын энеси Ханбүбү — Урум кандын кызы делет ("Манас" кн. 1., М., 1984, с. 478, 484). Саякбай Каралаевдин варианты вариантында "Урумда болбойт мындай иш" (Саякбай Каралаев, 1. 236) — укум-тукумдун салтында жок окуя деп "укум-тукумга өтүүчү", "канга сиңген жөрөлгө" катары берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4