Усубалиев Шаршеналы

Википедия дан
Өскөн Даникеев
Туулган датасы:

15 баш оона 1923

Туулган жери:

Москва районундагы Мураке айылында

Өлгөн датасы:

2006 жыл(2006)


Жазуучу Шаршеналы Усубалиев Москва районундагы Мураке айылында 1923-жылы 15-августта туулган. Буденный атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин өз районунда башталгыч мектепте мугалим болуп иштеп калган. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1943-жылы Великие Лукинин алдында оор жарадар болуп 1944-жылдын март айында өз колхозуна кайтып келип, 1945-жылга чейин мал чарба фермасынын башчысы болгон.
1944-жылдын февралында Петров райондук комсомол комитетинин 1-катчысы болуп шайланган. 1945–1952-жж. комсомолдун шаардык, район-дук, облустук, республикалык комитеттеринде жетекчи кызматтарда иштеп, КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык курсту бүтүргөн. 1953–1958-жж. Чүй облустук маданият башкармалыгынын начальниги, 1958–1963-жж. «Кыргызфильм» киностудиясынын директору, 1963–1970-жж. жана 1983–1990-жж. Кинофикация Кыргыз мамлекеттик башкармалыгынын башчысы, 1970 – 1971-жж. Москвадагы СССР Мамкиносунун аппаратында, 1971–1977-жж. СССР Мамкиносунун Египеттеги өкүлү, 1990–1993-жж. КРнын Кинематографисттер союзунун башчысы болгон.
М.Усубалиевдин Панфилов дивизиясынын тыңчыларына арналган «След» повестинин мотиви боюнча Горький атындагы киностудия тарабынан «Тайная прогулка» аттуу фильм тартылган.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, 1986-жылы «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам ыйгарылып, Улуу Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордендери, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, 1995-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү, Кыргыз ССР ЖКнын бир нече чакыры-лышына депутат болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Панфиловчулар салгылашта. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 100 б.
  • Чыйыр: Повесть жана очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 176 б.
  • Нил боюндагы жаңырык: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 168 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • След. – Ф.: Кыргызстан, 1960. – 200 с.
  • Киноискусство Киргизии: – Ф., 1961. – 7 с.
  • Самое молодое и популярное искусство. – Ф., 1966. – 10 с.
  • Эхо на берегах Нила. – Ф.: Адабият, 1990. – 290 с.