Уу химикаттардан уулануу

Википедия дан

Уу химикаттардан уулануу. Тиричиликте колдонулуучу уу химикаттарга хлорофос жана карбофос кирет.
Булар ичеги-карынга түшкөндө же алардын буусу менен дем алганда (ингаляциялык) катуу башталуучу өтө оор уулануу болот. Мында баш айланат, кускусу келет, көрүү начарлайт, шилекей көп бөлүнөт, тынчы кетет. Ал эми уу химикаттарды байкабай ичип алганда кусат, ич өтөт, баш, көкүрөк ооруйт, тердейт, ооз, мурундан былжыр агат. Оор учурда эсин жоготот, тырышат, дем алуу бузулат, токтоп калышы да мүмкүн, жүрөк жай согот, булчуң иши, артерия басымы төмөндөйт. Бул белгилер байкалары менен тезинен врач чакырылып, ал келгенче биринчи жардам көрсөтүлөт. Жабыркаган кишини таза абага чыгарып, булганган кийимин чечип, денесинин ачык жерин жууп салуу керек. Ал эми бул уу химикаттарды ичип алганда 3—4 стакан туздуу (1 стакан сууга жарым чай кашык туз) суу ичирип, кустуруп, ичеги-карынын 4—5 жолу тазалоо зарыл. Андан кийин ич алдырма ачуу туз берилет. Бесалол же бекарбондун 5—6 таблеткасын берип кургатылган нан менен чай ичирүү сунуш кылынат.

Чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулууну көмкөрөсүнөн жаткырып, кусунду дем алуу жолуна кетпес үчүн башын капталына буруп коёт. Дем алуусу бузулганы байкалса, жасалма дем алдыруу керек. Көп уу химикаттар айыл чарбада колдонулат (Айыл чарба уу химикаттар). Булар менен ууланганда уулануу белгилери бир нече саат, күн, ал тургай жумадан кийин байкалат. Жеңил ууланууда баш ооруп, жүрөк айланат, кусат, ооздун ичи металл даамданат, өтө тердейт, ич ооруйт, алы кетет. Катуу ууланууда ал кетип, бат чарчайт, ишке жөндөмдүүлүгү жоголот, баш айланып ооруйт, эсин жоготот, эске тутуу начарлайт, басыгы, уйкусу бузулат (күндүз уйку келип, түнкүсүн уйку качат), бир нерседен шекшинип коркот, таарынчаак болот, кулагына бир нерсе угулат же көзүнө көрүнөт, кээде жүрөк туш ооруйт, стоматит байкалат. Айыл чарбасында мышьяктуу, жездүү, бромдуу, хлордуу уу химикаттар колдонулат. Буларды колдонуу эрежелерин бузганда ар кандай оордуктагы ууланууга алып келет. Ошондуктан бул каражаттарды жабык идиште сактап, анда жазуусу болуу зарыл. Үйдөгү зыяндуу курт-кумурска, кемирүүчүлөргө каршы каражаттарды пайдалануунун эрежелерин так аткарып, аларды колдонуу учурунда үйдө киши, башка жандыктар болбой, тамак-аш жабык идиште сакталат. Ал каражатты чачуучу киши оозу, мурдун төрт катар даки менен байлап, көзүнө атайын көз айнек кийип алат. Бул каражатты колдонгондон кийин үйдү жакшылап желдетүү зарыл.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киши өзү билбеген каражатты колдонбоо, айыл чарба уу химикаттарын колдонууда халат, кол кап, резина өтүк кийип, аларды тез-тез алмаштырып туруу, химикаттарды колдонууда респиратор кийүү, өздүк гигиена эрежелерин сактоо, иш бүткөндөн кийин ваннада же душ алдында жуунуу, иштеп жатканда тамеки тартпоо жана тамак ичпөө мындай уулануунун алдын алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8