Фермент препараттары

Википедия дан

Фермент препараттары — дарылоо максатында колдонулуучу ферменттери бар атайын даярдалган дарылар.
Алар жаныбар жана өсүмдүк продуктуларынан, микроорганизмдерден алынат. Медицинада химотрипсин, трипсин, лидаза, ронидаза, фибринолизин, тромбин, кокарбоксилаза жана башкалар кеңири колдонулат.
Карын зили, пепсин, панкреатин жана башкалар тамак сиңирүү органдарынын ооруларында пайдаланылат. Бронхит, бронхоэктаз ооруларында секретти жана суюктукту чыгаруу, ошондой эле остеомиелит, гайморит, тромбофлебит жана башкалар ооруларды дарылоо үчүн трипсин менен инголяция жасайт жана булчуңга куят, ошондой эле күйүккө, ириңдүү жараларга сыйпаса болот. Тромбоэмболий, тромбофлебит, миокарддын инфарктын дарылоодо фибринолизин колдонулат жана башкалар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8