Филология

Википедия дан
Филологдор‎»‎ барагынан багытталды)

Филология (гр—сөз сүйүү)—тил жана адабият жөнүндөгү илим. Андан тышкары ар түрдүү жазма эстеликтердин авторун, жазылуу мезгилин жана ордун, себептерин, кол жазмаларды изилдөөлөрду ж.б. өз ичине камтыйт. Филология толуп жаткан майда тармактарга бөлүнөт. Советтик филология марксттик-лениндик методологияга таянат, өткөн илимдин прогрессивдүү жактарын кабыл алат, философия, тарых, этнография, искусство таануу ж.б. илимдер менен тыгыз байланышта болот.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин тарыхы 1951-жылы Ош педагогикалык институтунун базасында ачылган кыргыз тили жана адабияты адистигинин[1] күндүзгү бөлүмүнөн башталат. 1992-жылдын 2-июлдагы №224\4 буйругу[2] менен күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнөн турган кыргыз филологиясы [3] факультети уюшулган. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңеши (31.08.10.) чечими менен курамына журналистика[4] бөлүмү кошулуп, кыргыз филологиясы жана журналистика факультети деп өзгөртүлүп түзүлгөн.

2014-жылы эки баскычтуу билим берүү алкагында магистратура бөлүмү ачылган.

Факультет[5] университеттин структурасындагы бир бөлүк катары ишмердүүлүгүн ОшМУнун[6] уставына ылайык жүргүзөт. Өзүнүн окуу корпусу, мөөрү жана башка реквизиттери бар.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети ОшМУнун миссиясына ылайык иш алып барат.

Факультетти декан,[7] филология илимдеринин[8] кандидаты, доцент[9] Турганбаев Нурмамат Орозович жетектейт.

Факультеттин стратегиялык максаттары төмөнкүлөр:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Филология, филологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланышта болгон журналистика тармактарында сапаттуу профессионалдык жөндөмдүү адистерди даярдоо билим берүүнүн эффективдүү интеграцияланган системасын өнүктүрүү;

Фундаменталдуу жана прикладдык[10] илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;

Чет элдик өнөктөштөр[11] менен эл аралык [12] байланыштарды бекемдөө;

Аралык байланыштарды бекемдө;

Билим берүү процессинде жеке инсандын профессионалдык жана чыгармачылык өсүп-өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.

Факультеттин жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Факультет ОшМУнун көптөгөн жылдар бою топтогон мыкты салттарын карманат. Кесиптик чеберчилиги мыкты окутуучулук-профессордук курамга ээ (диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү, билим берүү программалары боюнча эл аралык, улуттук тренерлер, аккредитациялык[13] агенттиктердин эксперттери бар.)

Кыргызстандын түштүк регионундагы журналистика боюнча адистерди даярдоочу жалгыз окуу жай болуп саналат.

Факультетте төмөнкүдөй билим берүү программалары бар:

550300-филологиялык билим берүү (бакалавр)[14]

550300-филологиялык билим берүү (магистратура)[15]

531000-филология (магистратура)

530600-журналистика (бакалавр)[16][17]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]