Философиянын жана Психологиянын маселелери

Википедия дан
Журналдын эң биринчи санындагы мукабасы (1889)

Философиянын жана Психологиянын маселелери (орус. Вопросы философии и психологии) – Москвадагы психологиялык коомдун алдында 1889–1918-ж. басылып чыгып турган философиялык журнал.

Жылына 4–6 жолу чыгып турган. Москвалык психологиялык коомдун башчысы Н. Я. Гроттун демилгеси боюнча негизделип, 1893-жылдына баштап, Лопатин менен В. П. Преображенский редакторлугу асытындагы жарык көргөн. 1898-ж. тартып, Санкт-Петербургдун философиялык коомунун жардамы аркылуу ишке ашырылган. Журналда философия, психология, логика жана таануу теориясы, этика жана укук философиясы, эстетика, философиянын тарыхы, илимдин философиясы, физиологиялык опыттык психология, психопатология, ошондой эле батыш-европалык философтор менен психологдордун эмгектерине сын макалалар, антикалык жана Жаңы Мезгилдик философиянын классикалык эмгектеринин котормосу ж. б. жарык көрүп турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]