Фотобиология

Википедия дан

Фотобиология - биологиянын ультракызгылт көк жана жакынкы инфракызыл нурларынын организмге тийгизген таасирин изилдөөчү тармагы.

Жарыктын организмдин өсүшүнө, өөрчүшүнө ж. б. функциясына тийгизген таасири небактан белгилүү. Фотобиологиянын башталышына 18-19-кылымда фотосинтездин ачылышы, фототаксистин баяндалышы ж. б. негиз болду. 20-кылымдын 2-жарымында Фотобиология өзүнчө илимий тармак катары өнүккөн. Жарыктын таралышынын квант теориясы, биохимия, биофизикалык, физиол. илимдеринин өөрчүшү, изилдөөнүн жаңы методдорунун тажрыйбага жайылтылышы ж. б. Фотобиологиянын тез өнүгүшүнө көмөк болду.

Фотобиология өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын бүткүл тиричилиги менен байланыштуу. Изилденүүчү кубулуштун маанисине карата Фотобиология төмөнкүчө бөлүнөт: синтезделүүчү биол. бирикмелерде күн энергиясынын топтолушуна байланыштуу энергетикалык процесстер (өсүмдүктүн фотосинтези); жарыктын таасирине организмдин билдирүү жана жөнгө салуу реакциясы (жаныбарлардын көрүүсу, фототропизм, фотомезгилдүүлүк, фототаксис ж. б.); ультракызгылт көк нурдун биол. таасири ж. б. кубулуштарды изилдөөчу тармактар.

Фотобиологиянын изилденүүчү объектисине биолюминесценция - организмдердеги химиялык энергиянын жарык энергиясына айлануусундагы жарыктын бөлүнүп чыгышы да кирет. Фотобиология айыл чарба өсүмдүктөрүнүн фотосинтез процессинин натыйжалуулугун жогорулатууда, бакма жаныбарлардын өсүшүн тездетүүдө, медицина практикасында айлана-чөйрөнүн булганышына каршы нурларды пайдаланууда теориялык негиз болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

*[түзөтүү | булагын түзөтүү]