Франция-Пруссия согушу (1870-71)

Википедия дан

Франция-Пруссия согушу (1870-71) - Франция империясы менен Пруссия коалициясы, Түндүк Герман союзу жана Түштүк Герман мамлекеттеринин ортосундагы куралдуу жаңжал. Австрия-Пруссия-Италия согушунда (1866) жеңишке жетишкен Пруссия Францияны начарлатып, бүт Германия жерлерин бириктирүүнү көздөгөн.

Франция императору Германиянын күчтөнүшүнө жана биригишине жолтоо болууга, Европага өз үстөмдүгүн сактап калууга аракеттенген. Ошондой эле испан королевасы Изабелла II бийликтен кулаган соң (1868), испан тактысына пруссиялык Вильгельмдин Iнин тууганы, Леопольд Гогенцоллерн тандалып, аны Отто фон Бисмарк колдогон. Леопольддун талапкерлиги Парижде кыжырданууну туудурган. Наполеон III аны испан тактысынан баш тартууга аргасыз кылган. Мындай пикир келишпестиктерден улам эки тарап тең согушка даярданган. Наполеон IIIнүн өкмөтү 1870-ж. 19-июлда Пруссияга каршы согуш жарыялаган. Бирок согуштун алгачкы күндөрүндө эле француз армиясы Пруссиядан жеңиле баштаган. 1870-ж. 2-сентябрда Седан шаарынын жанында француз армиясы талкаланып, башында император турган 282 миң аскер менен офицерлер жоготууга учураган (139 миң аскер өлүп, 143 миң жарадар болгон). Бул кабар Парижде элдик көтөрүлүштүн чыгышына түрткү болгон. Көтөрүлүштүн натыйжасында 1870-ж. 4-сентябрда Франция империясы (Экинчи) кулаган. Германия империясы жана Үчүнчү француз республикасы түзүлгөн. 1871-ж. 10-майда Франкфурт тынчтык келишими боюнча Франция Германияга 5 млрд франк контрибуция төлөп, Эльзас жана Лотарингия аймактарын берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4