Халдейлер

Википедия дан

Халдейлер - б. 3. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымында Вавилониянын чет-жакаларын (Перс булуңунун түндүк-батыш жээгин) мекендеген малчы семит уруулары.

Теги арамейлер (кээде түштүк аравиялыктар) болсо керек деген божомол бар. Халдейлер Месопотамиянын түштүк аймагына жайгашкан соң акырындан отурукташып, бир катар княздыктарды түзүшкөн. Б. з. ч. 9-кылымдан Элам менен союздашып, Вавилонияны ээлөө үчүн Ассирияга каршы күрөшүп келген. Халдейлер княздары нечен ирет вавилон тактысына отуруп (б. З.ч - 8-кылымдын 2-жарымы - 7-кылымдын башы), кайра ассириялыктардан куулуп турган. Б. з. ч. 626-538-ж. Вавилонду халдей династиясы башкарып, кубаттуу Жаңы Вавилон падышалыгын түзгөн. Байыркы Грецияда жана Байыркы Римде жрецтер менен теги вавилондук төлгөчүлөр да Халдейлер деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.