Ханс Циммер

Википедия дан

Ханс Флориан Циммер (англ. Hans Zimmer;немецче айтылышы: [hans ˈfloːʁi̯aːn ˈtsɪmɐ] ( угуу) 1957-жылы 12-сентябрда туулган) — германиялык тасмага обон жаратуучу жана үн жаздыруучу продюсер. 1980-жылдан бери ал 150дөн ашуун тасмага музыка жазган. Ал «Арстан падыша» (бул эмгеги үчүн ал 1995-жылы «Оскардын» «Эң мыкты музыка» наамын жеңип алган), «Кариб деңизинин каракчылары» сериялары, «Ичке кызыл сызык», «Гладиатор», «Акыркы самурай», «Кара соотчон» үчилтиги, «Башталыш» жана «Интерстеллар» тасмаларына өз салымын кошкон.

Циммер Кошмо Штаттарга кеткенге чейин өзүнүн карьерасынын алгачкы жылдарын Бириккен Королдукта өткөргөн. Ал «DreamWorks» студиясынын тасмалык музыка бөлүмүн жетектейт жана өзү негиздеген «Remote Control Productions» (мурда Media Ventures деп белгилүү болгон) компаниясы аркылуу башка композиторлор менен кызматташат. Анын Калифорниянын Санта Моникасындагы студиясы тасма үчүн музыкаларды сынама түрдө ылдам жазып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн компьютердик түзмөк жана тергичтер менен жабдылган.

Циммердин эмгектеринде электроникалык музыка менен салттык оркестр айкалыштырылган. Ал «Грэмминин» төрт сыйлыгына, «Classical BRIT Awards» үч сыйлыгына, «Алтын глобустун» эки жана «Оскардын» бир сыйлыгына татыган. Ошондой эле ал «The Daily Telegraph» басылмасынын «Жашап жаткан 100 гений» тизмесине кирген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]