Мазмунга өтүү

Интерстеллар

Википедия — ачык энциклопедия
Интерстеллар
РежиссеруКристофер Нолан
ПродюсерЭмма Томас
Кристофер Нолан
Линда Обст
СценарийиЖонатан Нолан
Кристофер Нолан
ОператоруХойте Ван Хойтема
ТартылгандарМэттү Макконахи
Энн Хатэуей
Жесика Честейн
Бил Ирвин
Эллен Бөрстин
Жон Литгоу
Майкл Кейн
МузыкасыХанс Зиммер
СтудияLegendary Pictures
Syncopy Films
Lynda Obst Productions
ЖайылтуучуParamount Pictures
Warner Bros. Pictures
Чыккан жылы2014
Узактыгы169 мүн. [1]
Өлкөсү АКШ[2]
 Улуу Британия[2]
Тилианглис
Бюджети$65 млн. [3]
Киреше$675.1 млн. [3]

«Интерстеллар» (англ. Interstellar [ˌɪntəˈstelə], «Жылдыздар арасындагы илим»; орус. Интерстéллар) – 2014-жылы Кристофер Нолан тарабынан тартылган илимий фантастикалык британ-америкалык тасма. Сценарийин жана продюсерлигин Нолан башкалар менен биргеликте жүргүзгөн. Тасмага Мэттү Макконахи, Энн Хатэуей, Жесика Честейн, Бил Ирвин, Эллен Бөрстин, Жон Литгоу жана Майкл Кейн катышкан. Адамзат жашоо үчүн күрөшкөн келечеги туңгуюк мезгилде космонавттар тобу адамзат жашоосун уланта ала турган жай табуу үчүн кара тешикке кирип, башка мейкиндикке саякатка жөнөшөт.[4]

2007-жылы Жонатан жазып баштаган тасма баянын бир туугандар Кристофер жана Жонатан экөө сценарий кылып жазып чыгышкан. Нолан жубайы Эмма Томас экөө «Синкопи» компаниясы жана Линда Обст «Обст Продакшнс» компаниясы менен биргеликте тасмага продюсерлик кылышкан. Бул тасма Калифорния Технологиялык Институтунун физиги Кип Торндун илимий эмгегинен таасир алгандыктан, Кип Торн тасмада аткаруучу продюсер жана илимий кеңешчи болгон. Кийинчерээк ал «Жылдыздар арасындагы илим» аттуу тасмага кошумча китеп жазып чыккан. Тасманы Paramount Pictures, Warner Bros. жана Legendary Pictures каржылаган. Киноматограф Хойт ван Хойтема тасманы 35мм жазы экран жана 70мм IMAX форматында тарткан. Тасманын негизги сүрөттөрү 2013-жылдын аягында Альберта, Исландия жана Лос-Анжелесте тартылып башталган. Тасмада ар тараптуу таасир бере турган макеттер колдонулгандыктан «Дабл Негатив» компаниясы кошумча санариптик эффектерди жасап берген.

"Интерстеллар" 2014-жылдын 26-октябрында Лос-Анжелесте бетачарын өткөргөн. Тасма дүйнөлүк аренада $675 млн киреше алып келүү менен бирге илимий-фантастикалык тематикасы, визуалдык таасири, музыкасы, оюнчулардын аткаруучулук чеберчилиги үчүн алкышка татыган. 87-Оскар сыйлыгында “Эң мыкты визуалдык таасир” наамын утуп алган жана “Эң мыкты музыка”, “Эң мыкты үн”, “Эң мыкты үн монтажы” жана “Эң мыкты тасма коюучу” наамдарына талапкер болгон.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жозеф "Куп" Купердин ролун ойногон Мэттү Макконахи
Док. Амелия Брэнд ролун ойногон Энн Хатэуей
  1. Interstellar (12A). British Board of Film Classification (October 20, 2014). Текшерилген күнү 20 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
  2. 2.0 2.1 Interstellar (2014). British Film Institute. Текшерилген күнү 10 -декабрь (бештин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2015. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "BFI" defined multiple times with different content
  3. 3.0 3.1 Interstellar (2014). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 29 -август (баш оона) 2015.
  4. Интерстеллар: сюжет, актерлор, трейлерлер, сын-пикирлер жана сын-пикирлер