Мазмунга өтүү

Цинк куймасы

Википедия дан

Цинк куймасы - негизи цинк болгон куйма; ал алюминий, жез жана магнийдин аралашмасынан турат.

Цинк куймасы эрүү температурасынын анча чоң эместиги, суюктук сымал жакшы атуучулугу, басым менен кесүүгө жеңил иштетилиши, ширетилиши жана каңдалышы менен мүнөздөлөт. Цинк куймасынан жасалган буюмдарга электр-химиялык жана химиялык ыкмалар менен металл жана металл эмес жука катмарды кантоого болот.

Цинк куймасынын коррозияга туруктуулугу цинктелген болоттукуна жакын. Цинк куймасынын кемчилиги: жогорку температурада механикалык касиети төмөндөйт, агрессиячыл кычкыл жана жегич чөйрөдө коррозияга туруктуулугу начарлайт ж. б. Цинк куймасынан буюмдарды басым менен куюп жасоо кеңири тараган. Ал автомобиль өнөр жайында, электр-машина курууда, ошондой эле үй тиричилик буюмдарында, сувенирлеринде ж. б. конструкция, конструкция-декорациялык тетиктерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.