Цин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшү

Википедия дан
Тартар элчилери Кытай императорунун кабыл алуусунда. Жузеппе Кастильони тарткан сүрөт

Цин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы кыргыздардын күрөшү. 18-кылымдын ортосунда Цин империясы калмактардын мамлекети Жуңгар хандыгын каратып алгандан кийин, убактылуу болсо да алардын таасиринде турган Орто Азия аймагындагы калк-тардын, анын ичинде кыргыздардын жерлерин өзүнө кошуп алууну көздөгөн. Алгач кыргыздардын цин аскерлеринин Чжао-хой баштаган чалгындоочу кошууну менен кагылышуусу 1758-жылы жаз айларында Санташ жайлоосунда болгон. Кыргыздардын жоокерлерин башкарган Черикчи бий менен цин генералы эки элдин ортосундагы талаш маселелерди чечүү үчүн Цин империясынын борбору Пекин шаарына кыргыз элчилигинин барышы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдашышкан. Цин империясынын өкүлдөрү Уэрден, Толунтай, Идамчжаб жана Линьбао кыргыздардын бир далай аймактарына чейин барып, Мааматкул хан менен жолугушкан. 1758-жылы июль айында алар кыргыз урууларынын 20га жакын өкүлдөрүн коштоп, жаңы чек аталган Синьцзяндын чыгыш тарабындагы Каңгай чөлүнүн чыгыш жагына аң уулоого келген цин императору Гаоцзун Чуньхуанди Цзяньлунга (1736–96-жылы башкарган) жолугушууга алып барышкан. Элчиликтин алгачкы сүйлөшүүлөрүнүн кийин кыргыздын үч бийи: Черикчи (сарыбагыш), Түлкү (саяк), Нышаа баатыр (солто) Пекин шаарына барышып, негизги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн, бири-биринин чегараларынан өтпөөгө макулдашышып, цин императорунун сыйын көрүп кайтышкан. Үчөөнө тең 3-даражадагы башкаруучулук чини ыйгарылган. 1758–59-жылы Цин империясы Чыгыш Түркстан аймагын өз карамагына кошуп алуу акцияларын жүргү-зүшкөн. Ал аймакта жашаган уйгурлар менен бирдикте кыргыздар да колдоруна курал алып жаңы баскынчаларга каршы күрөшүш-көн. Бирок, күч тең эмес болгондуктан, Чыгыш Түркстан Цин империясынын бийлигине моюн сунган. Ал жактагы кыргыздар, уйгурлар Кыргызстан аймагына жер которуп келишүүгө мажбур болушкан. Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар да цин аскерлеринен кооптонушкандыктан, алардын уруу башчылары Ажы бийдин жетекчилигинде 1759-жылы июнь айында Кокон ш-нын башчысы Эрдене (Ирдана) бий менен достук келишимин түзүшүп, тышкы душманга бирдикте каршы турууну макулдашышкан. 1759-жылы август айында 9 миң кишиден турган цин аскери өз азаттыгы үчүн күрөшкөн кашкарлык уйгурларды кубалап, кыргыз-өзбектердин аймактарына чейин кирип келишкенде, жергиликтүү элдердин каршылыгына учурап, 7 миң кишисинен ажырагандыгын орус тарыхый булактары тастыктайт. 1762–63-жылдарында цин аскерлери тараптан Ферганага жортуул жасоо коркунучу пайда болгондо, Орто Азия элдери өз ара биримдигин дагы көрсөтө алышты. Ооган эмиринин буга көмөктөшүүгө даяр экендигине ынангандыктан, цин аскери өз оюнан баш тарткан. 1785-жылы мурун Кашкарды бийлеген ак тоолуктардын тукуму Сарымсак кожонун боштондукка чыгаруу аракеттерине каратегиндик, алайлык кыргыздар колдоо көрсөтүш-көн. 1796-жылы Сарымсак Ысык-Көл, Нарын тарапка келип, жергиликтүү кыргыздардын колдоосуна жетишкен, бирок кашкарлыктардын кайдыгерлигинен улам Фергана тарапка кайра кеткен. 1814-ж. Кашкар округундагы Ташмелек ш-нын ахуну Зия ад-диндин циндерге каршы боштондук кыймылына кыпчак уруусунун бийи Турдумамат колдоо көрсөткөн. Бирок бул кыймыл бат эле ырайымсыздык менен басылган. 1820-жылы Сарымсактын уулу Жааңгер кожо Кыргызстандын аймагындагы саяк уруусунун өкүлдөрүнүн колдоосу менен Кашкардагы кыпчак, моңолдор, чоңбагыш уруу башчыларын көтөрүлүшкө тарткан. Бирок Кашкардын негизги калкы уйгурлар колдоо көрсөтпөгөндүктөн, Жааңгер чегинүүгө мажбур болгон. Натыйжада көтөрүлгөн чоңбагыштардын бийи Суранчы бий уруусу менен цин аскерлеринин талоонунда калган. 1828-жылы Жааңгер Алай тарапка келип, кыргыздардын көмөгү менен Улуг бекетине кол салып, ала албай, Нарын тарапка чегинип кеткен. 1826-жылы күзүндө Синьцзяндагы цин башкаруучусу кыймылдын алдын алып, Жааңгерди колго түшүрүш үчүн кыргыз жергесине тымызын согуш экспедициясын жиберген. Бул 200 цин аскеринен турган кошуундун башында Баянбату турган. Алар саяк уруусунун башчысы Тайлак баатырдын айылын тоноп, кайтып келе жатканда Каракоо капчыгайында кыргыздардын курчоосуна калып кырылган. 1826-жылы жазында Жааңгер кыргыз урууларынын (саяк, черик, басыз, моңолдор) колдоосунда Кашкарга жоортуул уюштуруп, аны цин бийлигинен бошоткон. Мында ага саяк уруусунан Ырыскул бийдин уулдары, бир туугандар Атантай менен Тайлак баатыр өзгөчө көмөк көрсөтүшкөн. Ушул эле мезгилде Кашкарга Жааңгерге жардамга кокон ханы Мухаммед Али-Мадали (1822–42) да келген. Бирок тиешелүү кабыл алууга ээ боло албаган соң, тез эле Коконго кайтып кеткен. Жааңгер кожо боштондук кыймылды өркүндөтө албады. 1827-жылы март айында циндер ири аскер күчү менен Кашкарга кол салышып, Жааңгердин жоокерлерин талкалап, өзүн туткунга алып, өлтүрүшкөн. 1830-жылы сентябрда Жааңгердин иниси Юсуф кожо кокондук 40 миң аскер жана кыргыздардын саяк, басыз, кыпчак, чоңбагыш урууларынын колдору менен Кашкарды циндердин бийлигинен кайра бошотууга аракет жасаган. Алгачкы ийгиликтерден кийин эмнегедир жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан кыргыз бийлери Атантай менен Тайлак баатыр өз айылдарына кетип калышкан. Андан кийин, Коконго Бухара эмири кол салгандыктан, кокондук аскерлер да мекенине жол тартышкан. Ушундай жагдайда Юсуф кожо Кашкарда 30 күн гана бийлик жүргүзүп, кайра Ферганага чегинүүгө мажбур болгон. 1846–47-жылы Кашкарда Катта төрө баш болгон «жети кожонун козголоңу» болуп, ага парваначы Алымбек Асан уулу баш болгон алайлык кыргыздар көмөк көрсөтүшкөн. Бирок бул кыймыл – эки айдан кийин басылган. 1851-жылы Кашкарды алууга аракет жасаган Валихан төрөнүн жоокерлеринин көбү кыргыздар болгон. 1864-жылы цин бийлигин Синьцзянда кулатуу башталганда Кашкардан циндерди биринчилерден болуп кууп чыккан кыпчак бийи Сыдыкбек болгон. Ошентип, Чыгыш Түркстанда 1867–77-жылдарда Жети-шаар мамлекети өкүм сүргөн кезде кыргыздар жана жергиликтүү уйгурлар цин империясынын баскынчылыгынан убактылуу кутулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.