Чабалдаев, Жапар

Википедия дан

Чабалдаев Жапар (1932, Жети-Өгүз району, Саруу айлы — 1988, Бишкек ш., сөөгү Саруу айлына коюлган) — ырчы, обондуу лирикалык ырларды аткаруучу (драмалык тенор).
1950-52-ж. Каракол мугалимдер институтунан, 1952-55-ж. КМУдан, 1955—56-ж. Москвадагы бүткүл союздук театр институтунан окуган.
Лирикалык ырлардын чебер аткаруучусу катары окуучуу кезинен оозго алынган. Студент кезинде — 1957-ж. Бүткүл союздук фестивалга жана ошол эле жылы Москвада өткөн Жаштар менен студенттердин бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына катышып, бүткүл дүйнөлүк фестивалдын алтын медалдуу лауреаты болгон. Анда аткарган ырлары: А. Огомбаевдин «Жаштаргасы» менен М. Баетовдун «Сагынамы».
Чабалдаев 1958-ж. Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына жана Бүткүл союздук эстрада ырчыларынын фестивалына да катышкан. Көп жылдар бою (1956-жылдан) Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармонияда иштеп, ырчы-комузчулардын тобунда мурдагы союздаш республикалардын көбүнө, Монголия, Кытай, Румыния сыяктуу чет өлкөлөргө гастролго барган.
Чабалдаевдин аткаруусунда кыргыздын белгилүү обончу-композиторлорунун көп ырлары (М. Баетов, «Сагынам», «Даанышман», А. Бердибаев, «Менин өлкөм», Ж. Шералиев, «Сага», «Карап койчу», «Сөзүн жана белегиң», А. Айталиев, «Жылкычынын ыры», «Бир элес», «Ак шоокум», Н. Давлесов, «Сагыныч», К. Жакшылыков, «Ачыгын айтчы карындаш» жана башка.)
Кыргыз радиосу менен телевидениесинин алтын фондуна жазылган. Чабалдаевдин ырчылык өнөрүнө комуз менен өзүн чебер коштоп, тенор үн менен элдик стилде жадырата шандуу ырдоо мүнөздүү болгон. Чабалдаев өзүндөгү ушул өзгөчө ырчылык касиети менен кыргыздын вокалдык өнөрүндө өзүнче бир мектеп түзгөн ырчы катары эсептелет.
Чабалдаевдин ысмы Саруу айлындагы мектепке берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.