Чаганбай

Википедия дан

Чаганбай Манастын кырк чоросунун бири, Күлдүрдүн уулу. Чалыбайдын бала кезиндеги ысымы.

Байыркы түрктөрдө, анын ичинде кыргыздарда да эр балага эки ысым берүү салты болгон. Биринчи ысым төрөлгөндө берилген да, ал ысымы менен бала өзү эрезеге жетип биринчи эрдик көрсөткөнгө чейин жашаган. Кийин, бала биринчи эрдик көрсөтүп жоокер болгондон баштап, өзүнүн экинчи чыныгы ысымын алган. Бул салт түрк элдеринин көптөгөн эпосторунда, анын ичинде "Манаста" жана түрк руникалык жазма эстеликтеринде да сакталып калган. Чалыбайдын бала кезде Ч., кийин Чалыбай деп аталышы да ушул салттан болушу мүмкүн. Аталган салттын "Манаста" сакталышынын күбөсү эпосто Чубактын алгач Болот, Сыргактын Бердибек, Ырчыуулдун Каратай деп аталышынан көрүүгө болот.

Эпоним Ч. түрк-моңгол сөздөрү "чаган" моңгол календарынын биринчи айынын аты, моңгол элдеринин жазгы майрамынын аты жана бай деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн. Эпонимдин мындай чечмелениши эпостогу Ч-дын чаган айында туулганы, ошол себептен Ч. деп аталышы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4