Чандалаш өрөөнү

Википедия дан

Чандалаш өрөөнү - Түштук-Батыш Теңир-Тоодо, Пскем жана Чандалаш кырка тоолорунун аралыгында жайгашкан.

Узундугу 75 км, жазылыгы 3–20 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында (Чакмактын чатында) 2600 м, оозунда (Жаңыбазар кыштагы тушта) 1500 м. Өрөөнү капчыгай сымал, кууш, айрым жерлери тектирлүү Чандалаш өрөөнү Палеозой фундаментинин жантайыңкы синклиналдык бүктөлүүсү. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 15–20° С, январдыкы –6... –12° С. Жылдык жаан-чачыны 437–900 мм. Өрөөн аркылуу Чандалаш суусу жана анын куймалары (Ачыкташ, Токмоксалды жана башка) агат. Өрөөндүн таманына жана бөксөлөргө (1500–2000 м бийиктикте) шыбак-кылкандуу, ачык күрөң топурактуу кургак талаа, суу бойлорунда токой жана бадал (терек, тал, кайың, шилби, итмурун, бөрүкарагат, жылгын жана башка), 2000–2900 м бийиктикке талаа ландшафты (буудайык, бетеге, аюучач, шашыр көкөмерен, аккылкан жана башка) мүнөздүү. Андан жогору (2900–3700 м) альп жана субальп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык (3500–3600 мден өйдө) алкактар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]