Чарайна (кийим)

Википедия дан

Чарайна (кийим) — 1) ичтен (ич кийимдин сыртынан) кийиле турган, денеге кынаптап катуу металлдан (кээде калың териден, булгаарыдан) жасалган соот кийим; 2) баатырлардын төшүнө тартына турган атайын темирлер;

3) кээде сырттан капталуучу тери, булгаары (жабуу, ороо түрүндо). Ч-нын көрсөтүлгөн үч түрү тең "Манас" эпосунда белгилүү милдет аткарат. Ч-ны эпикалык согушка катышкан жоокерлер, эр сайышка түшкөн баатыр-балбандар ок, найзадан сактаныш үчүн кийишкен. Мисалы, Сыргак баатырдын Алмамбетке жолдош болуп чалгынга жөнөрдөгү согуштук кпйими менен көрүнүшү эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Көлүктүн бели ийилип,

Көпкөк темир кийинип,

Соот, чарайна, кыягы

Жоодон качпас сыягы.

Бет алып Бээжин элине,

Белдемчи тартып белине,

Калкан жаап башына,

Камдап алып жарагын

Кан Сыргак келди кашына (Сагымбай Орозбаков, 4. 175).

"Манас" эпосунда жоолашкан тараптардын аскерлери массалык салгылашкан учурда куралдын үстүнө куралды үстөкө-босток колдонушат. Ал учурдагы уруштун жүрүшүнүн бир көрүнүшү "Айбалта башка шак этип, Найза төшкө так этип" (Сагымбай Орозбаков, 2.140), — деп сүрөттөлүп, жоо куралынан коргонуу, сактануу үчүн баатырлар төшүнө тартынган Ч-га да айрыкча көңүл бурулат.

Ч. өлгөн адамдын сөөгүнө оролуучу же кап талуучу тери, булгаары маанисинде да айтылат. Шаманчыл түрктөрдүн жана Орто Азия элдеринин өлгөндү көмгөндө кылган расмиси жөнүндө кабарды И. Бичурин өзүнүн материалдарында далилдейт.

Байыркы гунндарда өлгөндү көмгөнү жана "Өлгөндөрдү табытка көмөт; сырты жана ички табытты колдонушат; өлгөнгө алтын менен күмүштөн жасалган кымкап же аң терисинен кийим кийгизишет" — деген маалымат кытай тарыхында айтылат. "Манас" эпосундагыЧ. Валихановжазып алган "Көкөтөйдүн ашында" Көкөтөйдүн сөөгүн кызыл макмалга (баркыт) ороп "чарайна менен чаптатып, булгаары менен каптатып" көмүлсө, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "чарайнага чаптатып, шайингиге каптатып" (Сагымбай Орозбаков, 3. 11) көмөт. Бул байыркы гунндардын өлүктү алтын менен күмүштөн жасалган кымкап кийгизип же аң терисинен жасалган кийим кийгизгенине окшошот жана байыртан бери келе жаткан бул салт "Манаста" сакталып калгандыгын көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4