Чарлз Карлсон

Википедия дан
Профессор Чарлз Карлсон. Бишкек. 03.2.2012.


Чарлз Карлсон (орусча Чарльз Карлсон, англисче Charles Carlson) (1939-жылы бирдин айынын (февралдын) 20сында АКШнын Юта штатында туулган) – заманбап америкалык окумуштуу, философия доктору, урал-алтай таануучу, профессор. Түрк, мажар, урал-алтай тилдери боюнча белгилүү адис, журналист.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чарлз Карлсон (Charles Carlson) 1939-жылы бирдин айынын (февралдын) 20сында АКШнын Юта штатында туулган.

Оболу ал АКШнын Санта-Барбара шаарында Батыш Музыка академиясында таалим алып, скрипка аспабы боюнча дипломго ээ болгон.
1962–63-жж. ал Юта мамлекеттик университетинде (Utah State University) музыка жаатында окуп, бакалавр даражасын алган.

1963-жылы ал АКШнын Блүмингтон шаарындагы Индиана университетиндеги Урал жана Алтай таануу бөлүмүнө тапшырып, тил илими жаатында окуй баштайт. [1]

Чарлз Карлсон 1967-жылы Индиана университетин мажар таануу (Hungarian Studies) адистиги боюнча диплом алып аяктайт.
Андан соң аталган университетке Урал жана Алтай таануу тармагынын тил илими жаатында изилдөө жүргүзүү үчүн аспирантурага (1967–70) тапшырат. Өзүнүн диссертациясын коргоп, Ph.D. (философия доктору) илимий даражасын алат.
1968–69-жылдары Түркиянын Анкара университетинде изилдөөчү болуп иштейт.
1973-жылы Мичиган университетинин Тил илими институтунун аспирантурасын (Post-graduate) аяктаган.
1973–76-жылдары АКШнын Техас штатындагы Коммерс шаарында Чыгыш Техас мамлекеттик университетине караштуу Тил жана адабият факультетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштейт.
1973–75-жылдары Эл аралык Изилдөө жана алмашуу кеңешинин (IREX) аспирантурадан кийинки изилдөөчүсү катары Мажарстандын борбору Будапешт шаарында Мажарстан Илимдер академиясынын Тил институтунда стажировкада болгон.
1975–77-жылдары Финляндиядагы Йүвэскүлэ шаарындагы Йүвэскүлэ университетинде (University of Jyväskylä) Англис тил факултетинде келгин доцент катары дарс окуган.
1977–78-жылдары Чарлз Карлсон Будапешттеги Лоранд Этвөш атындагы университетте (Loránd Eötvös University) Котормочулук институтунда окутуучу болуп иштеген.
1979–жылдан 1984-жылга чейин ал “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Мүнхендеги баш кеңсесинде Берүүлөргө анализ жасоо бөлүмүндө берүүлөр серепчиси болуп иштеди.
1984–86-жылдары ал ЭЕ/АҮ Улуттук берүүлөр деректиринин жардамчысы болуп иштеди.
Ал эми 1986–88-жылдары болсо Карлсон мырза ЭЕ/АҮ түрк тилдүү жана тажик кызматтарын жалпы жетектеген деректир болду.
1988–90-жылдары Карлсон мырза ЭЕ/АҮ Улуттук берүүлөр деректиринин милдетин аткарды.
1990–1995-жылдары ал “Азаттык” үналгысынын советтик жумурияттардын тилдеринде уюшулган кызматта жумурияттардын тилдеринде уюшулган кызматтарынын жалпы деректиринин орун басары болуп иштеди.
1995-жылы май-июнь айларында ЭЕ/АҮнүн баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарынан Чехиянын борбору Прага шаарына көчүрүлдү.
Ошол жылдын соңунан тартып Чарлз Карлсон ЭЕ/АҮнүн бириктирилген Казак, Кыргыз жана Өзбек кызматтарынын жалпы деректири болуп калды. Бул кызматты ал 2002-жылдын 31-декабрына чейин аркалады (2003-жылдын 1-январынан тартып ЭЕ/АҮнүн Казак, Кыргыз жана Өзбек кызматтары кайрадан өз алдынча кызматтарга жиктелди).
2003-жылдын январынан тартып Карлсон мырза бир нече жыл ЕЭ/АҮ Жаңылыктар бөлүмүндө улук кабарчы болуп иштеп, Борбордук Азия жаатында серептер жазып турду.
Андан соң ардагерликке чыкты. Учурда Бишкекте жашайт.


Кыргызстандагы илимий-окутуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009–17-жылдары Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде профессор кызматында иштеди.
2017–18-окуу жылдан тартып Чарлз Карлсон Бишкектеги Борбордук Азия Америкалык университетинде (AUCA) профессор кызматын аркалап келет.


Даражалары. Наамдары. Сыйлыктары. Мүчөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Философия доктору (Ph.D., Indiana University, Uralic and Altaic Studies, Linguistics; 1970).
Татарстан гуманитардык жана педагогикалык университетинин ардактуу профессору (Казан ш., 11.5.2007).
“Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсынын мүчөсү (Бишкек ш., 11.2.2012).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – Элизабет Карлсон.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • On the Life and Times of Professor Yuliy Khudiakov, in: Арноо. Arnoo. ارنوو :Көрүнүктүү кыргыз таануучу, профессор Юлий Сергеевич Худяковдун 70 жылдыгына арналган илимий жыйнак / Редколлегия: К.С.Молдокасымов (төрага); жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: «Турар» басмасы, 2017. – 188 бет, сүрөт. – «Мурас» фонду. – «Кыргыз Тарых Коому» ЭКБсы. – «Тарых жана мурас» түрмөгү. [En: The Dedication (Arnoo): A Festshrift devoted to the 70th anniversary of Professor Yuliy Khudiakov, the prominent expert on the Kyrgyz study / Editorial Board: Kyias Moldokasymov, (Chairman), etc.; Edited by Prof. Tynchtykbek Chorotegin. – Bishkek: The Turar Printing House, 2017. - 188 p., ill. – The "Muras" Public Foundation under the Office of the President of the Kyrgyz Republic. – The Kyrgyz History Society international public accosiation. - The History and Heritage Series. – ISBN 978-9967-15-703-3.] – Pp. 13–15.
  • Native Hungarian Words of Finno-Ugric Origin, unpublished M.A. thesis, Indiana University, 1967.
  • Kültegin: Advice for the Future?, Central Asian Survey, Vol. 2, No. 2, September 1983.
  • Kazakhs Refute Territorial Claims, Report on the USSR, Vol. 2, No. 32, 10 August 1990.
  • Turkmenistan: Inching Towards Democratization, Report on the USSR, Vol. 3, No. 1, 4 January 1991.
  • The Concept of Sovereignty in Kazakhstan from Kültegin to the Present, Altaica Berolinensia, Harrassowitz, Wiesbaden, 1993.
  • Language Reform Movements in Central Asia, Bamberger Zentralasienstudien, Islamkundliche Untersuchungen, Band 185, Berlin 1994.
  • Informal Groups and Alternative Political Parties in Central Asia, paper read at the Fourth International Conference on Central Asia, University of Wisconsin-Madison, 1992.
  • Semantic Parallels in Uralic and Altaic, Congressus septimum internationalis fenno-ugristarum, Debrecen, Hungary, 1990.
  • Vowel Raising in Uighur, L’asie centrale et ses voisins, Rèmy Dor, ed., Paris-Inalco, 1990.
  • A Typological Study of Spatial Deixis in Turkic and Finno-Ugric, Proceedings of LP’96, ed., Bohumil Palek, Charles University Press, Prague, 1997.


Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/science_usa_rferl_charles-carlson_80th-anniversary_blog_ky/29779487.html