Чжуан тили
Расмий аталышы: |
Vahcuengh |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Аймактар: |
Кытай (Гуангски Чжуан автономиялуу району жана Веншан автономиялуу облусу |
Колдонгондордун жалпы саны: |
16 млн (2007, бардык Түндүк Чжуан диалекттери)[1] |
Классификациясы | |
Түрмөгү: | |
Жазылышы: | |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
— |
ISO 639-2: |
— |
ISO 639-3: |
zha |
Чжуан тили (өз алдынча Vahcuengh, 1982-жылга чейин Vaƅcueŋƅ, сандуип 话壮; кытай (жөнөкөйлөштүрүлгөн): 壮语; кытай (салттуу): 壯語; пиньинь: Zhuàngyǔ) — Кытайда жашаган чжуан калкы сүйлөгөн түрдүү диалектилерге берген аты болуп саналат. Чжуан тилинде сүйлөгөндөрдүн көбү Гуанси-Чжуан автономиялык районунда жашашат, ал жерде чжуан тили расмий тил болуп саналат. Бул тилдин таралышы ассимиляция жолу менен тескери болуп жатат.
Чжуанг бир тил эмес, ар кандай тилдердин же диалектилердин тобун сүрөттөйт[2][3]. Стандарт Чжуан менен башка чжуан диалектилеринин ортосундагы өз ара түшүнүктүүлүк көрсөткүчү 50% гана түзөт[4][5]. Стандарт Чжуан Вуминг кичи районунда сүйлөгөн диалектке негизделген[2]. Түштүк чжуан диалектилерине караганда түндүк чжуан диалектилери лингвистикалык жактан буэй тилине жакыныраак жана буэй тили менен диалект континуумун түзөт[6][7]. Түндүк жана түштүк диалектилердин ортосундагы айырма — алар тай тил үй-бүлөсүнүн эки башка бутагына таандык деп саналат. Чжуан тилинде сүйлөгөндөр көбүнчө стандарт чжуангга караганда өз диалекттерин үйрөнүшөт. Бирок чжуан тилинде сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы кытай тилин экинчи тил катары сүйлөшөт, ошондуктан эки башка диалектидеги чжуан тилинде сүйлөгөндөр бири-бири менен сүйлөшкөндө стандарттык чжуанга караганда кытайча (түштүк-батыш мандарин же кантон тилдеринде) көбүрөөк сүйлөшөт. Кошумчалай кетсек, аз гана адамдар чжуан тилинде окуп же жаза алат[2].
Тилди салыштыруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төмөнкү таблица чжуан тили менен тай тили мамилесин көрсөтөт. Чжуандын бул туугандыгы кытайларга караганда жакыныраак.
Чжуанча | Тайча | Кытайча | Кыргызча | ||
kûn | ขน | kôn | 毛 | máo | чач |
ndàng | ร่าง | ràng | 身体 | shēntǐ | дене |
vuô | หัว | huô | 头 | tóu | баш |
ná | หน้า | ná | 面 | miàn | жүз |
hû | หู | hû | 耳朵 | ěrduo | кулак |
mark dâ | มะตา | mark dâ | 目 | mù | көз |
ndàngh | ดัง | ndàngh | 鼻 | bí | мурун |
barg | บาก | barg | 口 | kǒu | ооз |
lín | ลิ้น | lín | 舌 | shé | тил |
kéu | เคี้ยว | kéu | 牙齿 | yáchǐ | тиш |
mǐy | มือ | mǐy | 手 | shǒu | кол |
niú mǐy | นิ้วมือ | niú miy | 手指 | shǒuzhǐ | бармак |
jǎy | ใจ | jae | 心 | xīn | жүрөк |
Мисал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктарынын жалпы декларациясынын биринчи беренеси:
Эски орфография (1982-жылга чейин) | Жаңы орфография | Сандуип | Кыргызча |
---|---|---|---|
Bouчbouч ma dəŋƨ laзƃɯn couƅ miƨ cɯyouƨ, cinƅyenƨ cəuƽ genƨli bouчbouч biŋƨdəŋз. Gyoeŋƽ vunƨ miƨ liзsiŋ cəuƽ lieŋƨsim, ɯŋdaŋ daiƅ gyoengƽ de lumз beiчnueŋч ityieŋƅ. | Bouxboux ma daengz lajmbwn couh miz cwyouz, cinhyenz caeuq genzli bouxboux bingzdaengj. Gyoengq vunz miz lijsing caeuq liengzsim, wngdang daih gyoengq de lumj beixnuengx ityiengh. | 俌俌庅𦘭𨑜⿱天云就𠷯自由,莊嚴㖟權力俌俌平等。眾伝𠷯理性㖟良心,應當待眾佚㑣𤿌儂一樣。 | Бардык адамдар эркин, кадыр-баркы жана укуктары бирдей болуп төрөлүшөт. Акыл жана абийир бар, бири-бирине бир туугандык маанай менен мамиле кылышы керек. |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Mikael Parkvall. "Världens 100 största språk 2007" [2007-жылгы Дүйнөдөгү эң чоң 100 тил]. Nationalencyklopedin (in swe).
- ↑ 2.0 2.1 2.2 Rint Sybesma: Zhuang. A Tai language with some Sinitic characteristics. In: From Linguistic Areas to Areal Linguistics. John Benjamins, Amsterdam/Philadelphia 2008, 226 б.
- ↑ S. Robert Ramsey: The Languages of China. Princeton University Press, Princeton NJ 1987, 236 б.
- ↑ Katherine Palmer Kaup: Creating the Zhuang. Ethnic Politics in China. Lynne Rienner Publishers, Bouler CO/London 2000, 37 б.
- ↑ Wang Mingfu, Eric Johnson: Zhuang Cultural and Linguistic Heritage. Yúnnán mínzú chūbǎn shè [Verlag der Nationalitäten von Yunnan], Kunming 2008, 142 б.
- ↑ Luo: Zhuang. 2008, 318–319 б.
- ↑ Edward L. Davis (Hrsg.): Encyclopedia of Contemporary Chinese Culture. Routledge, Abingdon (Oxfordshire)/New York 2005. Stichwort Zhuang, culture of, bearbeitet von Peter M. Fogging.