Мазмунга өтүү

Чимион мунай кени

Википедия дан

Чимион мунай кениКыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы мунай кени. Фрунзе айылынан 25 км түндүк-батыш тараптагы Катыраң тоонун түндүк этегинде жайгашкан.

1954-жылы табылган. Кен аймагында мезозойдун, неогендин жана антропоген мезгилинин акиташ теги, доломит, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Ал түзүлүш батыштан чыгышка 2,5 кмгесозулуп, туурасы 1,2кмге жетет. Мунай юра мезгилинин акиташ тек катмарында топтолуп, 750–1090 м терендикте жатат. Мунайлуу катмардын калыңдыгы 7 м. Бургулоо көзөнөгүнөн чыккан нефтинин суткалык чыгымы 1,5–4 т. Тыгыздыгы 0,87 г/см3, курамында күкүрт 0,23%, кокс 3,09–4,77%, асфальтендер 2,3–3,87%, акциздик чайыр 25–56%, парафин 6,1 %, углеводдор 26,5–2,8%.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]