Чороев, Алибек Бакытбекович

Википедия дан

Алибек Бакытбекович Чороев (Alibek Choroev) - кыргыздын жеткинчек спортчусу, Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы чемпиону.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алибек Бакытбек уулу Чороев, кыргыз спортчусу, дзюдо боюнча чебер. 16.7.2012. "Манас" аба майданы, Бишкек, Кыргызстан.

Алибек Бакытбекович Чороев 1996-жылы 26-июнда Кыргызстандын Нарын шаарында туулган.

Атасы - белгилүү спорт машыктыруучусу жана эколог Бакытбек Чороев.
Энеси - Гүлжан Чокоева.

Алибек Нарын шаарында Арстанбек Буйлаш уулу атындагы № 8 орто мектепте окуган, андан соң Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдер окуу жайында таалим алуусун улантып келет.

Тестийер чагынан тартып спорт менен алектенип келет.

Ал машыккан спорт түрлөрү: дзюдо, самбо, таэквондо.

Анын кыргызстандык машыктыруучулары - атасы Бакытбек Чороев, Сергей Кладнов, Абдыразак Шаршенов мырзалар.

Спорттогу ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын 24-февралында Алибек Чороев 1996-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеште чемпион болгон. Д.Бабаевдин элесине багышталган бул эл аралык мелдеш Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайында өткөн.

2012-жылдын 17-мартында Алибек Чороев Кыргызстандын 1994-жылы туулган өспүрүмдөрүнүн арасында самбо боюнча мелдеште күмүш медалга арзыган. Бул мелдеш Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн.

2012-жылдын 31-мартында Алибек Чороев Кыргызстандын 1996-жылы туулган өспүрүмдөрүнүн арасында дзюдо боюнча чемпион болуп калды. Бул мелдеш Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу атындагы спорт сарайында өткөн.

2012-жылдын 7-8-апрелинде Алибек Чороев Орусиянын Тверь шаарында өткөрүлгөн 1996-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасындагы Европанын ачык кубогу үчүн дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын катарында катышты.

2012-жылдын 28-майында Кыргызстандын дзюдо боюнча 1993-94-жылдары төрөлгөн жаштар арасындагы чемпионаты Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул сарайында өткөрүлүп, Алибек Чороев 55 кг чейинки салмакта экинчи байгелүү орунга татыды.

2012-жылдын 4-16-июлдарында Алибек Чороев Орусия Федерациясындагы Саха (Якутия) жумуриятында өткөн "Азия Балдары" ("Дети Азии") эл аралык спорттук мелдешке(жеткиликсиз шилтеме) Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курамасынын курамында катышып, экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду. Жеңиш ээлерин кыргызстандыктар "Манас" аба майданында шаттана тосуп алышты(жеткиликсиз шилтеме).

2012-жылдын күзүндө Алибек Чороев Тайвандагы эл аралык мелдешке катышты.

Алибек Бакытбек уулу Чороев АКШнын Майами шаарындагы улан-кыздардын дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатына (World Championship Cadets - Miami, United States, 08-11.08.2013) катышып, бешинчи орунду ээледи. Бул кыргызстандык жаш дзюдочулардын ичинен жакшы көрсөткүч болду.

2014-жылдын 29-июнунда Алибек Бакытбекович Чороев Өзбекстандын Ташкент шаарында самбо күрөшү боюнча кадеттер (өспүрүмдөр) арасында Азиянын чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду.

2015. Сокулук. Алтын медал.

2015, июнь. Барнаул шаары. Коло медал.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]