Чороев, Бакытбек Кадырмамбетович

Википедия дан

Бакытбек Кадырмамбетович Чороев (Bakytbek Choroev; 04.2.1962) - кыргызстандык токой чарба адиси, биолог, спортчу, тренер. Нарын шаарынын ардактуу атуулу. Нарын шаардык кеӊешинин мурдагы депутаты. Дзюдо боюнча Карелиянын чемпиону.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чороев Бакытбек Кадырмамбетович 1962-жылы 4-февралда Кыргызстандагы Нарын районуна караштуу Он-Арча айылында туулган.

1969-жылы Нарын районундагы Куйбышев атындагы орто мектебине (азыркы Миң-Булак кыштагынын орто мектеби) кирип, 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган. Бир-эки жыл Нарын шаарындагы Токтогул атындагы оро мектепте да таалим алган.

1989-95-жылдары КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) биология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун 1979-жылы Нарын облустук «Билим» коомунда ротаторшик кызматынан баштаган.

1980-жылы Тянь-Шань МЖСинде айдоочу болуп иштеген.

1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

1983-жылы Нарын МСХ ПМКсында айдоочу болуп иштеген. Ушул эле жылы Карелия АССРинин борбору Петрозаводск шаарындагы Петрозаводск токой техникалык техникумуна кирип, 1986-жылы аяктап, техник-токой чарба адиси кесибине ээ болгон.

1986-жылы Карелия токой жайгаштыруу ишканасына техник-таксатор кызмат ордунда иштеген.

1987-жылы Нарын шаарындагы Куланак кесиптик-техникалык окуу жайында дзюдо боюнча секция башчысы болуп иштеп, алгачкы спорт машыктыруучулук менен биринчи чемпиондорду даярдаган.

1991-жылы Нарын облустук жаратылышты коргоо комитетинде адис.

1994—2008-жылдары Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунда директордун орун басары.

2008-2012-жылдары Нарын токой чарбасынын башчысы.

2012-жылдын май айынан бери Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун директору болуп иштеп келүүдө.

Спорт педагогу, тренер катары ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакытбек Чороев 1998-жылдан бери Нарын облустук балдар, уландар спорт мектебинде дзюдо, самбо күрөштөрү боюнча машыктыруучулук ишин кошо алып барууда.

Спорт тармагында эмгектенүү учурунда 10дон ашык спорт чеберлерин даярдаган.

Тарбиялаган окуучулары самбо күрөшү боюнча Азиянын Чемпионатында байгелүү оорундарын ээлешип, дзюдо, самбо күрөштөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Спартакиадаларында, Чемпионаттарында жеңүүчүлөрдөн болушкан.

Илимий жана экологиялык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакытбек Чороев 1986-жылы Орусиянны Карелия автоном республикасынын борбору Петрозаводск шаарындагы айтылуу Петрозаводск токой чарба техникалык техникумун аяктаган, андан соң Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин тамамдаган.

Экологиялык көйгөйлөргө арналган бир катар илимий жана публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Бакытбек Чороев Африканын айрым өлкөлөрүндөгү, Кыргызстандагы жана Орусиядагы эл аралык экологиялык жыйындарга, семинарларга катышып, коруктарды заманбап уюштуруу тажрыйбалары менен таанышкан жана кыргызстандык заманбап тажрыйба тууралуу маалымат берген.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакытбек Чороев жаш өспүрүмдөрдү дене тарбия, спортко тартууда жана алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуудагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн сыйлыктар алган:

  • Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинин «Ардак Грамотасы»
  • олимпиадалык резервдеги Республикалык училишанын грамотасы
  • КРнын дзюдо өнүктүрүү боюнча Республикалык борборунун «Грамоталары»,
  • Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык Кеңешинин жана мэриясынын «Ардак Грамотасы»
  • КРнын билим берүү жана илим министрлигинин диплому.
  • Кыргызстан дзюдо Федерациясынын диплому.
  • «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана билим берүүнүн отличниги» төш белгилери.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети «Дзюдо» боюнча КРнын улуттук даражадагы калысы деген наамын ыйгарган.

2012-жылы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодогу эмгектери үчүн төш белгисинин ээси.

Токой чарба тармагында үзүрлүү эмгеги жана Нарын шаарынын спортунун өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Чороев Бакытбек Кадырмамбетовичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган (11.7.2012).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Гүлжан Чокоева.

Уулдары - Жаныбек, Каныбек, Алибек. Кыздары - Айгерим, Аида.

Кичүү уулу Алибек Бакытбекович Чороев (Alibek Choroev; 1996) - Кыргызстандын өспүрүмдөр арасындагы чемпиону.
Ал машыккан спорт түрлөрү: дзюдо, самбо, таэквондо.

Жалпы 8 бир тууганы бар: ата-энесинин тун уулу – Жумамүдүн (15.02.1946), эжеси Гуля (24.10.1951), үчүнчүсү - агасы Кубанычбек (10.11.1954), төртүнчүсү - агасы Тынчтыкбек (28.03.1959), бешинчиси - Бакытбек өзү (04.02.1962), алтынчысы - карындашы Гүлмира (04.02.1964), жетинчиси - карындашы Нуржан (16.12.1968), сегизинчиси - кенже иниси Нурлан (10.05.1971).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамбеталиев Сулайман. Жашоо чыйырлары: Чыгармалар жыйнагы / Жыйнакты түзгөн Гүлмира Мамбеталиева; китепти каржылаган Аскар Маткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2006. – 480 б. – ISBN 9967-23-866-6.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.

Мултимедиа баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алибек Бакытбек уулу Чороев, кыргыз спортчусу, дзюдо боюнча чебер. 16.7.2012. "Манас" аба майданы, Бишкек, Кыргызстан.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]