Чоң ашуу, ашуу

Википедия дан

Чоң ашуу, ашуу, Тескей Ала тоонун чыгыш бөлүгүндөгү ашуу. Түргөн аксуунун куй-масы Көккыянын жана Оттук суусунун сымал өрөөн дөрүнүн төрү ндө жайгашкан. Бийиктиги 3822 м. Аймагындагы чокулардан 380 м төмөн, өрөөндөрд өн 380—500 м көтөрүңкү жатат. Ашуунун түндүк капталынын рельефи татаал, байыркы мөңгү таштардынка лдыктары би р неч е б а скыч-туу, дөбөлүү чуңкурларды түзүп, 3 км жол 14 чукул, татаал бурулуштардан турат. Жер астындагы суулардын таасиринен жолдун айрым бөлүктөрүндө жер көчкүлөр жүрүп турат. Түштүк капталында кээде эшилме шагыл таштар жана жер көчкүлөр жолду бөгөп калат. Ашуунун чарбачылыкта (жайыттарга малды ашырууда жана тоо-кен жумушчуларын тейлөөдө) мааниси зор. Ал аркылуу Ысык-Көл өрөөнүн Сары-жаздын ала бындагы өрөөндөр (Көөлү, Эң илчек, Кайыңды, Үч көл ж . б.) менен байланыштыруучу автожолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]