Чыгыш Саян

Википедия дан

Чыгыш Саян - Түштүк Сибирдеги тоо системасы. Енисейдин сол өйүзүнөн Байкал көлүнө чейин 1000 кмден ашык созулуп жатат.

Чыгыш Саяндын бүктөлүү структурасы түндүк-батыш жана субкеңдик багытында жатып, мегантиклинорийди түзөт да, Сибирь платформасынын түштүк-батыш четине кошулат. Негизинен гнейс, слюда-карбонаттуу жана кристаллдык сланец, мрамор, кварцит, боксит, асбест, фосфорит ж. б. түзүлгөн. Минералдуу булактары (Аршан, Нилова, Пустань ж. б.) бар. Батышында кар баскан жалпак чокулуу кырка тоолор (Ман, Кан ж. б.), борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө альп рельефи мүнөздүү, бийик тоо массивдери (Чон Саян, Тункин жана Кытай жылаңач тоолору ж. б.) жайгашкан. Эң бийик жери 3491 м (Мунку-Сардык чокусу). Тоо аралык ойдундарына мөңгү, суумөңгү жана көл чөгүндүлөрүнөн түзүлгөн аккумуляциялык түрдүү типтеги рельеф мүнөздүү. Чыгышында көп жылдык тоң кыртышы кеңири аймакты ээлегендиктен, ага байланыштуу рельефтин формалары да кездешет. Климаты кескин континенттик, кышы узак, ызгардуу, жайы салкын. 900-1300 м бийиктикте январдын орточо тем-сы -17°Сден -25°Сге чейин, июлдуку 12-14°С. Жаан-чачыны каптал экспозициясына байланыштуу, ыктоо келген чыгыш, түштүк-чыгыш аймактарында жылына 300 мм, ал эми батыш, түш-батыш капталдарында 800 лшге чейин, түндүк этектеринде 400 мм жаайт. Жалпы аянты 30 км2те жеткен 100гө жакын мөңгү белгилүү (көбү төр жана асылма мөңгүлөр). Негизинен Чыгыш Саянга тайга аймагынын 'Лнен ашыгы жана бийик тоо ландшафты мүнөздүү. Тоо тайга алкагында күңүрт жалбырактуу карагай-кедр-көк карагай жана ачык ийне жалбырактуу кызыл карагай өсөт. 1500-2000 жден өйдө бадалдуу тоолуу тундра өсүмдүктөрү өсөт, батышын субальп бадалдары жана шалбаалары ээлейт. Чыгыш Саяндын аймагында, Енисейдин оң өйүзүндө, Красноярск шаарына жакын «Мамылар» коругу жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4