Чыңгыш Кан

Википедия дан

Чыңгыш Кан "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, кытай-калмак элдерин башкарып турган башкы кан. Кызыл-суулук манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча бүтүн кытай-калмак элин башкарып турган өкүмдар катары эпостун биринчи китебинде айтылат. Манастын төрөлөрү жөнүндө кабарды аярлары Ыраң менен Күдүктөн угары менен: "Кимден туулат Манас деп, Түш көргөндөй маң болгон" Ч. к-дын буйругу менен Алооке келген учурдан тартып кыргыздар кыйын абалга дуушар болушат. Бала Манасты издетүү жөнүндөгү мотив Саякбай Каралаевдин варианты вариантында да кеңири планда айтылат. Мында баатырдын Эсенкандын бичигине жазылып, Манасты издегендер Жарманасты алып кетет.

Аккулага байланыштуу айтылган окуяларда да Ч. к. туурасында кеңири баяндалат. Жакып Манастын айдаган буудайына жүдөгөн Кулатайды сатып алып, ал кийин Аккула тулпар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4