Шадыбеков Кеңешбек

Википедия дан
Кеңешбек Шадыбеков
Бозбубиек Шадыбеков
Ишмердүүлүк тармагы:

акын, жазуучу, драматург, кино- телеоператор.

Туулган датасы:

1 -июль 1952(1952-07-01) (71 жаш)

Туулган жери:

Боспиек айылы, Жаңы-Жол району, Ош облусу, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Атасы:

Мырсалы Шадыбеков

Апасы:

Бурулча Шадыбекова
(Түлкүбай кызы)

Жубайы:

Орозбүбү Сатиш кызы

Балдары:

Кенешбек уулу Акылбек

Кеңешбек Мырсалиевич Шадыбеков адабий аты - (Бозбубиек) (1952) - кыргызстандык архитектура жана курулуш адиси, жазуучу, акын, драматург, кино- телеоператор. "Манас эл" коомдук кыймылынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңешбек Шадыбеков 1952-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Жалал-Абатд облусуна караштуу Аксы районунун Бозбубиек айылында туулган.

Атасы Мырсалы Шадыбеков (1900-1967) кыргыздын Тагай Бий (Мухаммед кыргыз) урпактары Карачоро-Жанкороз-Суумурун, Багыш уруусунан,Багыштын небереси Кантейиш урпактарынан. Ал Аксы районундагы (мурдагы Жаңы-Жол районундагы) Успеновка айылдык кеңешинин алгачкы төрагасы болгон. Ал Аксы районунун алгачкы,зоо ветеринар башчысы,Шевченко колхозунда,Авлетим,Кызыл-Туу,Аркут,Жаны жол, Кызыл жар айылдарында ардактуу ардагерликке чыкканга чейин зоотехник ветеренар(мал доктур) кызматта эмгектенген, Шевченко колхозуна караштуу Бозбубиек айылында оз кесибин аркалап жүргөн.

Энеси Бурулча Шадыбекова (Түлкүбай кызы) - Аксыдагы Кош-Дөбө (Иренжит) айылынан, чие-уруусунан. Ал Кош-Дөбөдөгү алгачкы ферма башчысы жана Баатыр эне (15 баланы төрөп, өстүргөн; Кеңешбек - алтынчысы).

Шадыбеков Кеңешбек 1959ж.Бозбубиек башталгыч мектебинен 4-классты аяктап, Успеновка айылындагы мектепке 4 км аралыкты унаасыз каттап 1968-69-окуу жылында аяктаган.

1977-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура жана курулуш факультетин бүтүргөн.

1978-79-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Сейсмология институтунда эмгектенген.

1979-жылдары Ош шаарынан Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналган 14 адам тылда, 14 адам фронтто (авт. Жолчуев Д.) 1983-жылдын кузуно чейин.

1979-80-жылдары Фрунзедеги конструктордук технология институтунда(ФКТИ) башкы сүрөтчү болуп иштеген.

Ошол эле учурда Кыргыз Сүрөтчүлөр Биримдигинин башкеңсесиндеги кордо сүрөтчү-бедизчи кызмат кылган.

1984-жылы Фрунзедеги тарых музейинде Москвалык айкелчилер менен Фрунзедеги суротчулор уюмунан Шадыбеков Кенешбек Макраусовдун бригадасында кызмат кылган жана Вутетичтин куйоо баласы жана кызы жана дагы айкелчилер менен кошо эмгектенген.Азыр да ушул кызматты аркалап келет.

2006-07-жж. "ЭлТР" компаниясында сүрөтчү болуп иштеген.

2008-жылдан тартып Ош шаарындагы "Манас" мектебинде манастаануучу кызматын аркалап келе жатат.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - манастаануучу жана экономист Орозбүбү Сатиш кызы.

Уулу Шадыбеков Акылбек.

Чыгармачылык эмегектери

1995-ж. Ош шаарынын Батыш, Төлөйкөн, Анар кичи райондоруна жана СМУТТ аймактарын жашылдандыруу керек экендигин архитектура-курулуш жобосуна ылайыктуулугун эске алуу менен жашылдандырууну, корктондурууну эс алуу жайына кенешуу саябан багын негиздеген, аллеяларды эс алууга ылайыктаган, долбоорлорду тузгон. 26 жылдан бери долбоор: Кенешуу багы Ош-3000 концепция китебине мам. комиссиянын кароосунан отуп, 2001-2010- жылдарга Ош шаарын комплекстуу социалдык-экономикалык онуктуруунун мамлекеттик программасы китебине да кирип, долбоордо болсо да 26 жыл бою иш жузуно ашырылбагандыгы окундурот. Ушул кундордо абанын бузулуштары адамзатын ар кандай ооруларга дуушар кылууда. Жалпы Керме-Тоо аймагына, "Кеңешүү багынын" архитектуралык-курулуш долбоорун түзгөн.

"Кеңешүү багы - келечектүүбү?" даректүү тасмасын жараткан (1999-ж.).

Бир катар адабий чыгармалары (дастандары, ырлары, драмалары, обондуу ырлары ж.б.) жарык көргөн.

2014-жылы Жалал-Абат облусунун Аксы районундагы "Ак-жол" айыл окмотуно Улуу Ата-Мекендик согушка катышкандарга 396 адамдарга коюлган эстеликтин долбоорун жасаган, ал долбоор иш жузуно ашырылган.

Көркөм адабиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Хирург Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамаке уулу Мамбет аганын 75 жылдыгына арноо, даректүү шык ыр дастан.
  • Матен Жарыгы даректүү тарыхый шык ыр дастан 2002-жыл

Мамлекеттик жана коомдук кызматкер Сыдыков Матен жөнүндө

  • Мектеп Теги - Нур: даректүү тарыхый шык ыр дастан 2003-жыл

Эл жазуучусу Мавлянов Жунай тууралуу.

  • Көздөрдөн Көздөргө Мээр даректүү тарыхый шык ыр дастан 1чи китеп, 2008-жыл Айтматов Чыңгыз 80-жылдыгына
  • Көздөргө Көздөрдөн Мээр даректүү тарыхый шык ыр дастан 2чи китеп, 2008-жыл. Айтматов Чыңгыз 80-жылдыгына
  • Калем Сыры пьесасы Айтматов Чыңгыздын 80-жылдыгына карата Балалыгым жыйнагынын негизинде Шадыбеков Кеңешбек,Оморов Абдуманап менен биргеликте 2008-жылы жазган.
  • Көздөргө Мээр даректүү тарыхый шык ыр дастан 3-китеп 2014-жыл.
  • Айтматов Чынгызга бардыгы болуп 14-томдук тарыхый орду бар шык ыр китеби жазылган

Архитектура-курулуш боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ОШ-3000 долбоорунда "КЕҢЕШҮҮ БАГЫ" архитектуралык-курулуш долбоорун шаар куруу эрежелерине ылайыктуулугунун негизинде Ош шаарынын "Керме-Тоо" аймагына;Батыш (Западный) (Кулатов кичи шаарчасы),Толойкон Анар,жана СМУТТ аймактарын жашылдандыруу Ош шаарын архитектуралык курулуш долбоорунун максаты талабы коюлган.Кичи шаарчаларына Экологиялык мааниси келечекте оорду бар, долбоорун түздүм, 1996-жыл.
  • 2001 жылы курулган Жалал-Абад шаарына киребериштеги дарбазанын (арка) архитектура-курулуш долбоорун негиздеп ойлоп табуучусумун.
  • Аксы районунун"Ак-жол" айыл өкмөтүнө улуу ата-мекендик согушка катышуучуларынын 70-жылдыгына карата эстелигинин долбоорун түзгөн.
  • 2014-жылы Жалал-Абат облусунун Аксы районундагы "Ак-жол" айыл окмотуно Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына 396 адамдарга эстелик коюлуп, долбоор иш жузуно ашырылды.

Кино өнөрүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • КТРден кинотелеоператорлордун даярдоо окуу жайын биринчилеринен болуп аяктаганмын.
  • Кеңешүү Багы Келечектүү 1996-1999-жылдарда кино тасмасын тасмага тушурдум.

Обондуу ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бакыт Белгиси 1996-жыл.
  • Сезим Кумары 1997-жыл.
  • Толкундар 1998-жыл.
  • Ата-Бейит 2006-жыл. ж.б.

Айкел өнөрүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Бакыт», ОШ шаарында Жолчуев Д. Шадыбеков К. 1978-жыл
  • "Шадыбеков Мырсалы (бюст)Аксы району Жерге Тал,Бозбубиек айылы.
  • «Бак Ичиндеги Айкел»( Алай району) Жолчуев Д.Шадыбеков К. 1985-жыл.
  • «В.И.Ленин» (бюст), «СОГУШ КААРМАНДАРЫНА»(Араван району)Жолчуев Д. Шадыбеков К.
  • "В.И.Ленин (бюст) Кара-Суу району, Папан айылы.
  • "Жоокер" (Нанай) Жолчуев Д. Шадыбеков К.
  • "Айбашев (бюст) Кара-Суу району Папан айылы.
  • "Женижок" (Аксы району,Кара-Суу айылынын кире беришинде, Сары-Челек жолунда музей алдында. Жолчуев Д. Шадыбеков К.
  • "Фронт жана Тыл" (Ош шаарына улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына 28 фигурадан турган айкел) 1979-1983 жылдар. Жолчуев Д. аткаруучу топтун башчысы Шадыбеков К.,Шадыбеков Б.,Жумагулов Т.,Камчыбеков М.
  • «В.И.Ленин» бюст,«ФРОНТ жана ТЫЛ»(Аксы району,Кызыл-жар совхозу) Жолчуев Д. Шадыбеков К.
  • «Мамазияев Умарбек» бюст,(Ноокат району,Россия колхозу). Жолчуев Д.,Шадыбеков К.
  • «Жеңиш Ордени», «Элдердин Достугу»(Ноокат району, Көк-жар айылы. Шадыбеков К, Разбаев Д.
  • «Кадыркул Эстелиги» (Аксы району, Кош-Дөбө айылы) Жолчуев Д.,Шадыбеков К.
  • «В.И.Ленин» бюст,(Жаңы-Жол району, Караван) Жолчуев Д., Шадыбеков К.
  • «Манас-1000 Ак Жол,Бозбубиек» эстелиги,(Аксы району,Жерге-Тал айыл өкмөтү), 1995-жыл. Шадыбеков К.
  • «Достук» (Ноокат районунун борборуна коюлган айкел)
  • «Адылбек» бюст,материалы мрамор (Өзгөн району Мырза-Аке айылында),Шадыбеков К.,Ураимов С.
  • «Баатыров Мариштин Эстелиги»: бюст, (Ош облусунун Кара-Кулжа району, Сай айылы, Баатыров Мариш атындагы мектеби (материалы - гранит). Жолчуев Д. Шадыбеков К, гранитке которгон: Шадыбеков К., Ураимов С.
  • Сыдыков Матендин эстелиги 2015-жыл Аксы району мамлекеттик кызматкерлердин аллеясы

Коомдук иштердеги мүчөлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2007-ж.Элдик Кеңеш Кыймылы»коомдук бирикмесинин Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы, күбөлүк , №27
  • 2007-ж.Кыргыз Республикасынын президенттигине караштуу

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын күбөлүк №16

  • 2009-ж. “Манас эл” коомдук кыймылынын мүчөсүмүн.
  • 2012-ж. Кыргыз Республикасы “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин Ош шаарынын чоролорунун кеңешчисимин.
  • 1996-2014-жж. Ош облусттук МАИнин штаттан тышкаркы инспектору болуп иштеп келүүдөмүн.
  • Кыргыз жолу кыймылынын мучосу.

Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2008-ж. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “ардак грамотасы” менен сыйландым.
  • 2009-ж. Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери наамын, төш белгисин сыйланган.
  • 2013-ж 12.09. №28 чечим менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы ” менен сыйландым.
  • 2014-ж. 12.09. №28-чечим менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын

"тош белгиси" менен сыйланган.

  • 2014-жылы 12.19 Манас-эл коомдук кыймылынын тош белгиси менен сыйланган.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]