Шаймерден (колдоочу)

Википедия дан

Шаймерден (иранча шахи — шаа, колдоочу, пир; мардан — жигит) — баатырлардын колдоочусу, жигиттин пири. Арабдардын төртүнчү калыйпасы Аалынын сыпаты. Ал бара-бара эпостук баатырлар кайрылуучу жана жардам суроочу «жогорку күч» деген мааниге өтүп кеткен. Эпосто Шай, Шаймерден, «шай колдогон» деп айтыла берет. Көкөтөйдүн ашындагы «Манас менен Коңурбайдын сайышы» деген окуяда Манас «Жарагын белге чалынып, Шаймерденге жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 247) сайышка чыгат. Каныкей Кошойго арнап тиккен суп чепкенди:
Колдоп жүргөн Кожосан,
Колтугунан жөлөсүн Кожо,
Кыдыр, Шаймерден,
Кара чаар кабылан
Капталынан көздөсүн (Саякбай Каралаев, 2. 81) деген тилек менен кийгизет. Эпосто ошондой эле «Колдой көр деп Шаймерден» (Сагымбай Орозбаков, 2. 104), «Шай колдогон бадырек» (Сагымбай Орозбаков, 2. 209) деген сыяктуу саптар өтө көп жолугат,

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пир

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 2-т. ISBN -5-89750-035-5