Шайыр Касымалиева

Википедия дан
Шайыр Касымалиева
Төрөлгөндөгү ысымы:

Касымалиева Шайыргүл Зарлыковна

Туулган датасы:

30 -апрель 1967(1967-04-30) (56 жаш)

Туулган жери:

Балыкчы, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1986 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Шайыр Касымалиева (1967) — Советтик жана Кыргызстандык актриса. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2002). Б.Кыдыкеева, А.Куттубаев атындагы сыйлыктардын лауреаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайыр Касымалиева артисттик үй-бүлөдө туулган. Атасы Зарылык Касымалиев талантуу актер, апасы Гүлнар Суранчиева жөндөмдүү артистка жана шыктуу бийчи болгон. Шайыр орто мектепти Фрунзе шаарында аяктаган. Бала кезинен тартып эле артисттик үй-бүлөдөн болгондон кийин, Шайыр театр чөйрөсүндө чоңойгон. Мектепти аяктагандан кийин 1984-жылы Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театр окуу жайына окууга өтөт. Театр окуу жайын 1989-жылы аяктап келип, курсташтары менен Кыргыз Өкмөтүнүн чечимине ылайык кайрадан ачылып жаткан Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик жаш жеткинчектер театрына (ТЮЗ) кызматка алынат. Шайыр Касымалиева 1991-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кызматка кирет. Ошондон тартып Шайыр ушул театрда ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайыр Касымалиева театрда, жаш курагында лирикалык героиняларды аткарган. Актриса сахнада назик, табияты өтө жумшак көрүнөт. Ошондуктан ага дайыма анын индивидуалдуу өзгөчөлүгүнө жана шык дараметине жараша лирикалык пландагы ролдор ыйгарылган. Маселен, Жульетта, Гүлүсүн сыяктуу ролдор, акыйкаттан эле актрисанын жеке табиятына өтө жакын турушат. Бирок, ал кыргыз көрүүчүлөрүнө биринчи кезекте кино аркылуу таанылды. Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган “Куш өмүр” фильминде ойногон Сейденин ролу менен Шайыр кыргыз элине дайын болду. Бул фильмден кийин да актриса бир нече кинолорго тартылды.

Театрдагы негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Гүлүсүн (М. Байжиев, “Кыз-Күйөө”)
  • Колукту (Ж.Кулмамбетов, “Кагылайын, Манасым!”)
  • Майраш (Ж. Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”)
  • Жульетта (У. Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
  • Калмак ханышасы (М.Абылкасымова, К.Иманалиев, “Атаке баатыр”)
  • Жүргүнчү аял (М.Байжиев, “Узак сапардагы поезд”)
  • Белина (Ж.Б.Мольер, “Анткор оорулуу”)
  • Алтун (Ч.Айтматовдун, “Чыңгыз хандын ак булуту”) ж.б.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
1986 т ССРС Бетме-Бет Лицом к лицу эпизод
1990 т ССРС Куш өмүр Плач перелетной птицы Сейде
1992 т Орусия Чыгыштын уруш чебери Мастер востока Кимдин жубайы
1992 т Кыргызстан Кошокчу Плакальщица Кошокчу
2007 т Кыргызстан Канат менен Зарина У любви свои небеса Заринанын апасы
т Кыргызстан 13 жашар баланын араны
~
эне
2020 т Кыргызстан Акыркы Көч
~
Мээрим
2022 т Кыргызстан Күйөөм качты
~
Зухура

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2002)

"Даңк" медалынын ээси (2016).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]