Шакеева, Шайгүл

Википедия дан

Шакеева Шайгүл (1950-ж. т., Жети-Өгүз району, Тамга айылы) — эстрада ырчысы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
1977-ж. Караколдогу педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.
1970—87- ж. Ак-Суу районундагы мектептерде пионервожатый, мугалим болуп эмгектенген.
1987—91-ж. Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн методисти.
1991-ж. Ысык-Көл облустук маданият башкармасынын методисти.
1980-жылдан «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинде ырдайт. Лирикалык жана улуттук ырларды өтө чеберчилик менен аткарат.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, Эл чыгармачылыгынын республикалык конкурсунун лауреаты (1980). Ливияда, Түркияда гастролдо болгон (1989,1991).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.