Мазмунга өтүү

Шалдырак

Википедия дан

Шалдырак - узундугу 430 мм., диаметри 15 мм. барабар жалгыз түз октон турат. Бул түрүнө караганда шалдырак чынында эле Пенжикент аса-мусасынын соңку түрүнүн бири сыяктуу. Бул ойду ырастоочу кыйыр күбөнү В.М.Беляев тарабынан келтирилген сафаилдин келип чыгышы жөнүндөгү уламыштан байкоого болот. Анда сафаил бир кездерде мусулман олуясынын китеп коюучу таканчыгы экен деген баян берилет. Мүмкүн Пенжикеттин аса-мусадагы коңгуроолору да өзгөрүлгөн чыгар. Шалдырактын жалгыз түз жана эркин кыймылдай тургандай бекитилген үч чоң шакекчеси алардын ордун баскандыр. Алардын кошулган жерлери ширетилип, (кандалып) коюлган. Аспаптын кармагыч жак этегинен 1-турган шакектин диаметри 80мм., ал эми калган экөөнүкү 71мм жана 78мм.га түзүшөт. Шакектер бири-бири менен 40мм. аралыкта жайгашышкан. Колго кармоочу бөлүктүн диаметри 20 мм. Ал биринчи шакектен 130 мм. алыстыкта жайгашкан. Аспаптын жалгыз түз огунун учу ичкертилип коюлган. Ичи болсо көңдөй. Ал жерге майда тоголокчолор (шариктер) саналып коюлган. Үч шакектин ар бирине диаметри 28 мм. болгон 22 ден майда шакекчелер киргизилген.

Шалдырактын шакектери да, шакекчелери да темирден жасалган. Чоң шакектерден айырмаланып, кичине шакекчелердин кошулган жерлери ширетилип (кандалып) бекитилген эмес. Аспаптын негизин түзгөн жалгыз түз ок жезден, мистен жасалат. Биз сүрөттөгөн аспапта ал жезден жасалган. Ал эми сырты болсо хромдон жабылган. Шалдырактын колго кармалчу бөлүгү кара пластикалык массадан жасалган.

Музыкалык аспапты силккен кезде шакектер 180 градуска барабар жарым айланган кыймыл жасашат. Кыймыл баштаган жана токтогон чекит аспаптын негизги огунда жайгашкан. Чоң шакектер окко тийип, токтоор замат, кичинекей шакекчелердин кыймылынан жаралган шуудураган үн угулат. Демек, аспаптык үн политрасы айкын угулган эки составдык бөлүктөн турат. Алар аспаптын «Ээси» дубаналар тарабынан ар түрдүү ыргактарга уюштурулуп пайдаланылган.