Шаматов, Абдирайим

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдырайим Шама уулу (Шаматов; 1892-1953) - кыргыз элинин насаатчы акындарынын бири; сталинизм доорунда жазыксыз жерден абакка кеткен агартуучу, коомдук күжүрмөн мүчө.


Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдирайим Шаматов 1892-жылы азыркы Кыргызстандын Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Кара-Дабан кыштагына жакын Шорек-Ата деген жерде туулган.

Ал өз уруусу жөнүндө кийинчерээк минтип жазган:

Уруум Бөксө-Сибирги,
Баласы чарба кедеймин.
Айлыма чыгып ырдасам,
Акча аламын дебеймин.
Алтындай башым соо болсо,
Ач каламын дебеймин.
Алтын, күмүш, акча-пул,
Арзан турат мен үчүн.
Аябаймын жанымды,
Аркада калган эл үчүн. [1]


Ал Өзбекстандагы Маргалаң медресесинде 7 жыл окуп, билим алган.

Абдирайим алгач Замборучта медресе жергиликтүү молдолордон сабатын ачкан.
Ал 1904-1910-жылдарда Роо, Кожент (Хожент) шаарында мусулман мектепте билим алат.

1903-жылы Кожентте орус тузем мектебинде окуйт.
1918-жылы Лейлек аймагына кайтып келип, ошол учурдагы коомдук сайасий иштерге, жаштарга билим берүүгө жигердүү катышат.
1924-27-жылдарда Ош областтын билим берүү тармагында эмгектенген.

1927-жылы Сүлүктү райкомунун жооптуу катчысы,
1928-жылдан райондук жер бөлүүшүнүн башчысы болуп иштеген.

Ак жеринен күнөөлөнүп репрессияга кабылган адамдардын катарында 1933-жылы Абдираим да "эл душманы" деген жалган жалаа менен камалган.

Бул "иште" билимдүү, сабаты терен, актандай акын,чындыкты бетке айткан Абдираим Шаманы көрө албаган, ичи тар, пас адамдардын да салымы болгон дешет.
Казакстандагы Карагандынын түрмөсүндө (КарЛАГ) жаткан акындын тилеги элге аман кайтуу гана болгон.

"Көрсөт деп элге кайтар бир заманды,
Элиме кайтар заман болор бекен.
Куу турмуш кыйнаганын коёр бекен,
Замананын толкунунда тозуп кеткен,
Эл кайтып журтун таяп калар бекен!" - деп акын Абдирайим арманын ырга айланткан. [2]

Адилетсиз күнөөлөнүп 12-жылга кордолуп, эл жеринен алыста азап тартып, бирок эрки бекем, үмүтү бийик Абдираим ишенич менен кыйынчылыктардын баарына чыдап, сталиндик азапты женип, 1945-жылы түрмөдөн бошотулуп, туулган жерине кайтып келет.

Бирок тоталитардык режим өкүм сүрүп турган доордо бир жолу "Эл душманы" атка конгон адамдын кайрадан элге аралашып,
журулушуп жашап кетүүсү кыйын эле.

Мурда кызматына, талантына таазим кылып жүргөн "дос" "туугандарынын" жүзү бурулуп, өзгөрүп калганын көрүп, дагы бир ирет өкүндү.

Жийдели айылындагы турмушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Ошол кезде Тажикистандын Согду облусуна караштуу Жигдали (Жийделүү) кыштагында жашаган досу, колхоз башкармасы Акматтын чакыруусу боюнча, Жигдали кыштагына келип, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашап калган.
Согду облусундагы Канибадам районуна караштуу Жийдели айылынын тургундары 100% кыргыздар. Алар кыргыздын ичкилигине кирген чапкылдык уруусунун өкүлдөрү.
Жийдели айылы Улуу Жибек жолу өткөн Сыр-Дарыянын сол жээгинен орун алып, Кожент шаарынан 40, Кокон шаарынан 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын Лейлек районуна караштуу Арка айылынан 10 чакырым аралыкта. Мурда суу сактагыч курула электе Жийдели: Калтатай, Тайлакы жана Асанали айылы болуп үч бөлүктөн турган. Кайрак-Кум суу сактагычы курулуп, эски Жийдели айылы суу астында калгандан кийин, эл азыркы турган жерине көчүрүлөт. [3]
Орусиянын падышалыгы доорунда Фергана өрөөнүндөгү Кожент үйөзүнүн Чапкылдык, Байкесек, Бөксөсибирги болуштуктары Ке-еш бийлиги орногон соң, мурдагы Кокон үйөзүнүн Аваат болуштугу менен биригип, советтик Кыргызстандын Ош облусунун алгач Сүлүктү, кийин Лейлек районуна кошулган.
Алгачкы советтик мезгилде Жийдели айылы да Кыргызстанга карап турган. Кийин Тажикстан Республикасынын курамына бул айыл кандайча жана кантип өтүп калгандыгын айыл жашоочулары өздөрү дагы түшүнбөй калышкан. http://presskg.com/tuusu/09/0206_14.htm
Учурда Жийдели (Жигдели) айылындагы орто мектепте окуу толук түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
Акын Абдирайим Шама уулу дал ушул айылда 1953-жылы дүйнөдөн өткөн. "Лейлектин булбулу" аталган акын Абдраим Шаматовдун жана анын жубайынын сөөгү Жийдели айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Чыгармачыл мурасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын адабият тануу институнун кол жазмалар фондунда бир дептерге жазылган кыргыз тилинде арап арибинде жазылган насыят ырлары сакталып келүүдө.

Кеңеш өкмөтү алып келген жаңы заманды орнотуунун алгачкы жылдарында жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу, акындын аталган дептердеги ырлары негизинен окуу, тарбия маселесине арналган.


“Качасың оку десем, кайран журтум,
Караңгы, тоодо жүргөн айран журтум”

Эл арасына кеңири тарап кеткен санат, терме, насыят жанрындагы:
Туура сөздөн танбагын,
Башыңды кесип алса да.
Семире түшсөң сереңдеп,
Секирип кетпе асманга, – дегендей ырлары да арбын. [4]

Ал өмүрү он эки жыл түрмөнүн түбүндө өткөнүнө, кийинки “боштондуктагы” 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөй, артынан кара көлөкө кубалап жүргөнүнө карабастан, зор патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан элеттеги нагыз акындардан болгон.

Акындын чыгармаларынын ондон бири гана Сайрагүл Дуулатова тарабынан “Лейлек булбулу” деген ат менен жарык көрүп, окурман колуна жетти.

Акындын урпактары[оңдоо | булагын оңдоо]

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, бүгүнкү күндө Абдирайим Шаманын урпактарынын арасында да анын жолун жолдогондор жок эмес.

Алардан – небереси, республикабыздагы белдүү журналисттердин бири, жазуучу Бахтияр Шаматов, мугалим Кочкорбай Казакбаев жана анын уулу Асхатбек да чыгармалар жазып келет.

Эс тутум[оңдоо | булагын оңдоо]

21-кылымда Шама уулу Абдирайимдин ысымы Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кара-Давандагы орто мектепке коюлду.
Анын ысымы Лейлектин чыгаан кишилеринин катарында байма-бай эскерилип келет.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://zh-hk.facebook.com/groups/leilek/permalink/1431296643561338/
  2. http://www.azattyk.org/a/ussr_stalinism_kyrgyz_1937-38_fate-of-abdiraim_shama/28984509.html
  3. http://presskg.com/tuusu/09/0206_14.htm
  4. http://leylek-suluktu.ru/ajmaktyn-ataktuulary