Шамшиев, Жеңиш

Википедия дан
Жеңишбек Шамшиев
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жеңишбек Шамшиев
Туулган жылы: 8-март 1945-жыл
Туулган жери: Кызыл-Жар, Совет району, Кыргызская ССР
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: обончу, аткаруучу
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги
Кошумча маалымат www.shamshiev.kg

Шамшиев Жеңишбек - обончу жана аткаруучу.

Балачагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш менен аяктаарынын алдында, башкача айтканда эки ай мурда, 1945-жылдын 8-мартында кызматчынын үй-бүлөөсүндө Совет районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында, Жеңишбек төрөлгөн.
Атасы башкарма болгонуна байланыштуу үйүнө ошол кездеги райондун биринчи секретары Пельшин деген барып конуп калган экен, эртең менен менин колумду кысып: - майрамың менен, бүгүн аялдардын эл аралык майрамы, өзүңдүн майрамыңда уул төрөпсүң, - деген деп айтып калаар эле апасы. Ошондон кийин гана 8-март аялдардын майрамы экенин билгем. Ошол убакта бардык эл жеӊиштин болушун тилеп, батыш жакты үмүттүү тиктешип согушка кеткендердин жеӊиш менен келишин күтүп турган мезгил эле. Ошондуктан жеӊиш болсун деген тилек менен балага Жеӊишбек деп ат койду сезимтал атасы. Жеӊишбек кенедейинен эле ырдаганга шыктуу эле. Атасы балдарым үйрөнсүн деп комуз, балалайка, гармошкаларды алып келип берээр эле. Мектептин өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып , Жапар Чабалдаев ырдаган ырларды өзгөчө аткараар эле. Мектепте окуп жүргөндө «Алайкуум» деген ырын жазып өздүк көркөм чыгармачылыгынын концертинде, Ж.Чабалдаев ырдаган элдик обон менен ырдаганда, уккан элдер Алайкууну биринчи ырдаган сен болдуӊ деп аябай ыраазы болгон экен. Алты бир туугандын эӊ кенжеси болгондуктан Жеӊишбектин Алайкууда өткөн балалык чагы эч нерседен кем карчысыз эркелик менен өттү. Ошентип Жеӊишбек 1961-жылы орто мектепти бүтүп ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономикалык факультетинин студенти болуп калды.

Университеттик жылдары жана чыгармачылыгынын башаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеӊишбек аткаруучулук чеберчиликке жашынан машыкты. Мектепте да, кийин университетте окуганда да ал өздүк көркөм чыгармачылыгынан кол үзгөн жок. Айрыкча студент курагында бош убактысынын баарын ушул өнөргө жумшады. Студенттик фестивалдарда, кароолордо экономика факультетин далай ирет мөөрөйгө маарыткан. Мындан тышкары оюн-зооктордун да көркү эле. Жагымдуу ыр угууга кумар улан-кыздар айланчыктап анын жанынан чыкчу эмес. Ушундай көӊүлдүү жагдай, анан да студенттик романтикалуу дүйнө анын өзүнө белгисиз сезим козгоп, чыгармачылык чабыттарга жетелеп кетти. Ошол кезде ыр да жаза коюп жүргөн. Ал тургай ал ырларынын үчөө-төртөөнү газетага да жарыялаган. Ошентип Абдыкадыров, Тагаев, Рыскулбеков, Жумалиев, Сыдыков, Атабаев жана башка обончулар ыр дүйнөсүнө удаа келип, музыка майданын шаӊга бөлөп жиберди. Баарынан алгылыктуусу-башка обончулар жапатырмак аккордеондун коштоосуна өтсө, Жеӊишбек улуттук аспабызды шаӊкылдата чертип, өзүнүн шаӊдуу үнүнө жуурулуштура эфирде оболотту. Жеӊишбек Шамшиевдин чыгармачылыгындагы бир калыптуулук анын мүнөзүнө да кандайдыр бир деӊгээлде байланышып кетет.
Табиятында токтоо жигит, кайсы иште болбосун өзүн сабырдуу тутуп, шашпай, майын чыгара иштегенди жакшы көрөт. Ушул сапат анын чыгармачылыгында да оошкон. Кайсы ырын албаӊыз, текстин мазмунуна шайкеш кайрыктар менен жабдылып, качан да болсо элдик мүнөзүнөн жанбайт. Ошон үчүн элдик ырларды ийине жеткире аткарганы менен бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты болууга татыган Жапар Чабалдаевдин анын «Карагым келет» деген ырына дидары түшүп, угаармандардын черин жаза шаӊкылдап ырдап жүргөнү да бекер эмес. Жеӊишбек Шамшиевдин обондорунун элдик мүнөздө болушуна дагы бир жагдай себепкер сыяктанат. Маселен, башка обончулар нота билип, аккордеон ойноп, кандайдыр дэӊгээлде музыкага катыштыгы болсо, Жеӊишбектин кесиби обончулук өнөргө ат чабым да жакындабайт. Ал кесиби боюнча экономист. Алгачкы обонунун кайрыктары да студент кезинде 1965-жылы пайда болду. Алгачкы обону “Эсиӊдеби” деген обонун радиого барып угузганда баары ырдын жакшы жазылганына кубанып кол чаап жиберишет. “Арнадым көлдүн жээгинен”, ”Таарынба”, ”Эсиӊдеби”, ”Угузчу бир сөз”, “Алайкуум”, “Сен дейм дайым”, “Сөз таппайм” деген обондору ошондо эле жазылып алтын фондто калган.

Чыгармачылыгынын өсүшү жана кызматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

....

1966-жылы университетти бүткөндөн кийин, Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. Ал мезгил чыгармачылыгынын жарк этип жанган мезгили эле. Совхоздун комсомолдорун уюштуруп өздүк көркөм чыгармачылык концертин ар бөлүмдөргө, башка совхоздорго тартуулашып элдик сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Жеӊишбек Шамшиевдин чыгармачыл өрүшү кеӊири. Анда ал-жер темасы, жаштардын тилеги, милдети сыяктуу патриоттук ырлар да бар. Качкынбай Артыкбаевдин ырына жазылган “Комсомолдор” ыры үчүн 1968-жылы республикалык кароодо экинчи сыйлыкка татыктуу болгон. 1972-жылы ”Күн шериги жердики”, 1974-жылы “Ойлончу” деген ырлары менен өздүк көркөм чыгармачылыгынын республикалык кароосунда лауреаттык наам алган. Ошентсе да Жеӊишбек Шамшиевдин чыгармачылыгында лирикалык ырлар басымдуу. Алардын ичинен “Эсиӊдеби”, “Тарынба”, “Бирге өткөрсөм”, “Атам менен апама”, “Сен дейм дайым”, “Кубандырчы”, ”Күтүү”, ”Өчпөс мүнөттөр” деген обондорунун сөзү өзүнүкү. Албетте негизги ишинен тышкары убакта эки өнөрдүн башын кошуп, көкүрөк өйүгөн ойлорун эл менен бөлүшсө жаманбы? Дал ушунун өзү анын да, угармандын да турмушунда алда канча мазмундуу, жагымдуу кылып жатпайбы. Чарба кызматында жүрсө да, Жеӊишбек баягы студенттик курагында баштаган обончулук өнөрүн таштаган жок. Ал турсун анын көркөмдүк деӊгээлин улам жогорулатып, азыркы муун унута баштаган элдик кайрыктардын жагымдуу жактарын ачып берип жатат. Көрсө ошол жагымдуу ыргактарды Жеӊишбек элдин өзүнөн алат тура. Бир жолку Бөкөнбай Боркеев менен болгон маегинде: “Бу чарбалык кесибиӊ чыгармачылык өнөрүӊө тоскоол болбойбу?” - деген суроосуна ал: ”Тескерисинче, элдик кайрыктарды дал ушул чарбалык кесиптин аркасы менен таап жатам”, - деп жооп берген. Чыгарган обондорунун сөздөрүн тандоодо этияттык, кылдаттык, жоопкерчилик менен жасайт жана үнүнүн дириллдеп турушу адамдын жүрөгүнөн оорун алат. Ыр менен обондун төп келиши бири-биринен жөлөк таяк болуп кулакка уккулуктуу, сезимге жылуу, жакындыгы артат. Ал кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин, акындар М.Аматовдун, Ж.Мамытовдун, М.Алыбаевдин, Б.Абакировдун, К.Ташбаевдин, К.Артыкбаевдин, А.Жакынбековдун, Э.Ибраевдин ж.б. акындардын ырларына обон чыгарган. Көпчүлүк обондорунун сөзү өзүнүн калемине таандык.
Жеӊишбек 1972-жылы Алайкуу өрөөнүнөн райондук айыл чарба башкармасынын башкы экономисти болуп көтөрүлүп келет, жана райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, “Кара-Кулжа” совхозунун башкы экономисти, “Совет” совхозунун партиялык комитетинин катчысы, Райондук мүлк фондусунун төрагасы, агрохимлабороториясынын башчысы болуп татыктуу эмгек сиӊирди.
Ж.Шамшиев иши менен талантын бирге алып жүргөн инсан болгондуктан, таланттуу инсандын эмгеги бааланбай койгон жок. Ал 1975-жылы Москва шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын фестивалында лауреат, ”Эл чыгармачылыгына” сиӊирген эмгеги үчүн медал жана бир нече биринчи даражадагы дипломдордун ээси. Райондогу “Тоо булагы” этнографиялык ыр бий ансамбилинин алыска таанылышында да үлүшү бар. Манас эпосунун 1000-жылдыгына карата “Манас гимни” аттуу чыгарган хору, райондук кароодо биринчи, областык кароодо экинчи орун алган. Хорду Кара-Кулжадагы мектеп интернатынын окуучулары аткарышкан. Манас гимнинин сөзү Ашым Жакыпбековдуку. Жеӊишбек Шамшиев 80-ден ашуун обон чыгарган. Обондорунун нотасын Акылбек Бөкөнөв түзгөн. “Кусалык”, “Толгонуу”, “Өчпөс мүнөттөр”, “Кыркынчы жаздан бир ыргак”, ”Эстечи”, “Санаркоо”, “Атам менен апама”, “Карагым келет”, ”Кара-Кулжа”, “Балбылдап жанат сүйүү оту”, ”Өчүрбөчү сүйүү жалынын” жана башка обондоруна, обон күйөрмандары: ”Кыргыз обондорун Ысык-Көлдөй деӊиз деп билсек, ал эми сиз ошол деӊиздин үстүндөгү жаркын таланттын “Ак кемеси”- деп баа беришкени маалым.
Ошондой эле улуу инсан Төлөмүш Океевдин Султан Раев менен болгон маегинде: ”Эгер сизди Робинзондой ээн аралга таштаса кимдин чыгармасын алып кетет элеӊиз?”- деген суроого, Ч.Айтматовдун, ал эми обондордончу десе? ”Жеӊишбек Шамшиевдин обонун алып кетмекчимин дегени”- улуу инсандын Жеӊишбек Шамшиевдин талантын жогору баалаганына күбө болот, жана Жеӊишбек Шамшиевдин төмөнкү ыр саптарын ойго салат:
“Көӊүлүмдө көп улуу ой толгонот,
Ката кетсем келем улам оӊдолоп.
Өзү гана улуу болсо адамзат,
Ошол кезде улуулулукту ойлонот».
Жеӊишбектин обондуу ырлардан түзүлгөн «Обончу Жеӊишбек Шамшиев ырдайт» деген ноталуу ыр жыйнагы адамдын рухий жан дүйнөсүн байытып келе жатат. Элдин өнөрүн элге көрсөткөн телевидениеден жеке өзүнүн бир нече жолу концерти, жана радиодон бир нече жолу концерти берилген. “Мекеним сенден башталат” деген телеберүүдө жана Б. Чотурова , Б.Боркеев жана башка журналистер менен маеги бир нече жолу теледен берилген.
Ошентип Жеӊишбек чоӊ масштабдагы көптөгөн кароо сынактардын, фестивалдардын лауреаты. Республикалык жана Областык комсомолдор тарабынан көптөгөн ардак грамоталарга ээ болгон.
Обончуулардын ырларын жайылтууда да ролу чоӊ. Мисалы: Р.Абдыкадыровдун чыгармачылыгын элге жайылтууда кошкон салымы үчүн 1-даражадагы дипломго ээ болгон.

Cалымдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.Шамшиев кызматы жана таланты менен чектелип калбастан, биздин келечегибиз болгон балдарды тарбиялоодо да салымы бар. Ал 1985-жылдан 2008-жылга чейин Кара-Кулжа орто мектебинде (азыр Эшмамбетов болуп өзгөргөн) ата-энелер комитетинин төрагасы болуп, мектеп дирекциясы тарабынан “Балдарды ар тараптан өсүп жетилген, адептүү, маданияттуу, билимдүү жаштардан кылып тарбиялоодо кошкон салымы” үчүн алкыштарды алган. Мамлекеттик жана тарбиялык кызматтарда өтөгөн үзүрлүү эмгеги үчүн “Кара-Кулжанын ардактуу атуулу” наамына татыктуу болгон. Ошондой эле мамлекеттик көптөгөн грамоталарга ээ болгон.
Ж.Шамшиев музыкалык көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө сиӊирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген артисти наамына 2003-жылы ээ болгон.
Республикалык маданияты жана көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, жана көп жылдын үзүрлүү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы” менен 2011-жылы сыйланган.

Үй-бүлө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы Саипжамал менен...
Жубайы Саипжамал жана балдары менен...
....

Жеӊишбектин бир туугандары да бардыгы таланттуу. Агалары Рашид, Насип, Годовой эжелери Бүрава, Ирсалат комузду кол ойнотуп чертишет. Жеӊишбектин обондорундагы комузун коштогон аккордеонду агасы Годовой ойногон.
Жеӊишбектин апасы Бүбүкан ак элечектин алды барктуу аял болгон. Кара-Кулжалык жердештери анын атасы Шамши аке Бектемиров жөнүндө даӊазалуу сөз кылганы –ал киши колхоз төрагасы,айылдык Кеӊеш төрагасы кездеринде тоодой иштерди бүтүргөн. Ал уюштургуч, адамгерчиликтүү, нарк-санаты улук киши эле.
Ал мартабалуу жолдо Жеӊишбектин алты баласы да бараткандай сезилет. Баары кесип ээлери, жогоркуу билимдүү. Ошентип Ж.Шамшиев уулдары Тариэлдин, Сапаралинин, Аман-Алинин, Мухтар-Алинин, кыздары Рахаттын, Сейилдин урматуу атасы. Жыйырма эки неберенин сүйүктүү чоӊ атасы, таятасы. Жубайы Саипжамал кесиби боюнча мугалим, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.
Жеӊишбек жөнүндө С.Жусуевдин, Б.Боркеевдин, М.Каракозуевдин, А.Максутовдун, Төрөгелдиевдин жана башка акындар ырларын жазган. Шамшиев жөнүндө көп сөздөрдү жазса болот, бирок “Белгилүү обончу, чебер аткаруучу Жеӊишбек Шамшиевге” деген М.Каракозуевдин ыры менен Ж.Шамшиев жөнүндө аяктайбыз.
“Бул турмушуӊ күрөш, таймаш эр эӊиш,
Буурул толкун,алп урушуп келесиз.
Коштоп сайрап үч кыл комуз муӊканса,
Керемети обонуӊдун ченегис!
Ала-Тоонун аскарында калкыган,
Атыӊ Жеӊиш, затыӊ Жеӊиш теӊегис!
Обон салса үмүт отун жакчудай,
Тоо-суу коштоп жаӊырыктап капчыгай.
Кыргыз үнүӊ коштоосунда комуздун,
Коштойт шумкар,коштойт улар чакчыгай!
Кайрыгыӊа обонуӊдун маӊдырайт.
Жерде арча, көктө сулуу ай.
Эсен болуп, элге жерге түгөйлөш,
Кылым менен кыргыз менен өмүрлөш.
Ала-Тоонун ак калпактуу жылдызы,
Кыргызымда кылым жашап өнүп-өс!
Комуз сенсиз жетимсиреп калбасын,
Кайрыгыӊда жашап турсун уулу көч!

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]