Шейман, Лев Аврумович

Википедия дан

Шейман, Лев Аврумович (1924, Одесса ш.) – педагогика илимдеринин доктору, профессор, педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Москва), Кыргыз Республикасыга эмгек сиңирген мугалими (1970). Адабият жана тил таануунун дидактикасы, маданият жана термин таануу боюнча ири окумуштуу. 1945-ж. Пермь университететин, 1949-ж. Одесса университететинин аспирантурасын аяктап, кандидаттык даражага ээ болгон.

1951–1956-ж. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер, (1956), 1990-жылдан орус тили жана адабияты секторунун (1990) башчысы. Кыргыз мектептеринде орус тилин жана адабиятын окутуунун методикасы, этномаданият жана символ таануу илимий багыттарынын негиз салуучусу. Ал улуттук мектепте орус тилин жана адабиятын окутуу көйгөйлөрүн бардык тарабын камтыган “Орус тили жана адабияты боюнча окуу программасы”.

IX–ХI класс (1987, 2002), “Кыргыз мектептери үчүн орус адабияты боюнча окуу китептеринин түзүмүн жакшыртуунун жолдору” (1973, 1975, 1977), «Кыргыз мектептеринде орус адабиятын окутуунун методикасынын негиздери» (1981, 1982), «Орус адабияты. Кыргыз мектептеринин IX–Х класстар үчүн окуу китеби» (авторлош, 1961–1990), «Совет адабиятынын маанилүү барактары» (IX класстар үчүн хрестоматия, 1973), «XIX к. орус классикасынын маанилүү барактары» (Х класс үчүн хрестоматия, 1990) сыяктуу илимий-методикалык комплекстин түзүүчүсү жана автору. Ал орус адабиятынын тарыхы, анын ири өкүлдөрү жөнүндөгү монографиялык багыттагы: «Пушкин жана кыргыздар», «Кыргыздар, казактар ж. б. чыгыш элдери Пушкиндин дүйнөсүндө», «Пушкин жана замандаштары: Чыгыш – Батыш деген үчилтик фундаменталдуу эмгектин да автору. Илимпоз Венгрия, Германия, Франция, Орусия ж. б. өлкөлөрдө болуп, лекциялар окуган.

Жалпысынан анын калеминен 450-дөн ашык илим жана илимий-методикалык эмгек жаралган. Анын жетекчилиги астында ондон ашык кандидаттык жана докторлук диссертациялар корголгон. Билим берүүгө сиңирген көп жылдык эмгеги үчүн «Ардак белгиси» (1986), «Данакер» (2003), «Достук» (Орусия, 2004) ордендери, «Данк» (1999), А. С. Пушкин (1999) медалдары, бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган. «СССР агартуусунун мыктыманы» (1974), «Кыргыз ССР Эл агартуусунун мыктыманы» (1964) наамдары берилген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004