Шин, Роман

Википедия дан

ШИН Роман - коомдук ишмер «Ата-Журт» депутаттык фракциясынын депутаты.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1948-жылдын 12-сентябрында Казак ССринин Талды-Курган областынын Үч-Төбө станциясында туулган.

Улутту: Корей

Билими жогорку.

2004-жылы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин экономика жана менеджмент боюнча факультетин аяктаган.

1968-1970-жылдары Советтик армиянын катарына кызмат өтөгөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1970-жылы республикалык транспорт-экспедиция башкармалыгында транспорт бөлүмүнүн диспетчер-механиги болуп баштаган. 1976-1981-жылдары Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Прибор куруу заводунда лаборант, улук лаборант, лаборатория жетекчиси болуп иштеген, 1981-1987-жылдары Репсубликанын илимий-методикалык борборунун чарба башчысы, 1988-жылы Казак ССРинин Ак-Төбө областындагы кой өстүрүү бригадасынын жумушчусу болуп иштеген. 1988-1992-жылдары жеке ишкерлик иши менен алектенген. 1992-1994-жылдары “Сеул” менчик ишканасынын директору, 1994-2005-жылдары – “Эльдорадо” бизнес-борборунун, “КОРТ ЛТД” ЖЧКнын президенти, 2005-2010-жылдары 3 жана 4-чакырылтагы Жогорку Кеңеш]]тин депутаты.

2010-жылдын октябрынан V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.


Кыргыз Республикасынын корейлер коомдук бирлигинин президенти.

“Даңк” медалы (2000-ж.), Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүргөндүгү үчүн Корея Республикасынын алтын медалы (1998-ж.) менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]