Шисыр, Исхар

Википедия дан

Акын, окумуштуу-изилдөөчү Исхар Шисыр Москва районундагы Александровка айылында 1954-жылы туулган. 1978-жылы Москвадагы M.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.
1978-жылдан Кыргыз ССРинин ИАсынын дунгантаануу бөлүмүндө иштейт. Алгач Борбордук Азиядагы дунган адабиятын изилдеп, монография басып чыгарып, 1986-жылы «Образ нового человека в дунганской прозе: 50–70-е годы» деген монографиясын басып чыгарып, 1987-жылы «Дунганская проза 50-70-х годов: образ нового человека» деген темада филология илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган.
1988-жылдан дунган фольклорун изилдеп, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын ж.б. айылдарын кыдырып, материал чогултуп, 40тан ашык илимий макала жазган. Бардык материалдары Кыргыз Республикасынын ИАсынын дунгантаануу бөлүмүндө сакталуу.
Анын «Чиннян» аттуу ырлар жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн. Шисыр Исхар окуу китептеринин да автору. 1989-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Көркөм чыгармалары

Чиннян (Зрелость): Стихи. – Ф. Мектеп, 1978. – 59 с.

Хан чонни (Буду петь): Стихи. – Ф. Мектеп, 1985. – 48 с.

Шедрая душа: Стихи, Ф. Адабият, 1990. – 128 с. (В соавторстве с М.Курбановым, и Т.Закировой).

Щятян куэзу фигуэни (На исходе лета): Стихи и поэмы. – Б.: Илим. – 245 с. Монографиялары

Образ нового человека в дунганской прозе 50–70-е годы – Ф.: Илим, 1986. – 120 с.

Прозаический фольклор хуэйцзу Центральной Азии. – Б.: Илим, 2004. – 279 с.

Устная народная традиция хуэйцзу Центральной Азии. – Б.: Илим, 2008. – 245 с.

Окуу китептери

Хуэйцзу йүан зэмусы вынщүэди жихуа (I–XI) (Программа по изучению дунганского языка и литературы для 1–11 классов). – Ф.: Мектеп, 1992. – 31 б. (В соавторстве с М.Х.Имаозвым).

Фуму вынщүэ: (Родная литература). Учебник для 4 кл. – Ф.: Мектеп, 1990. – 152 с.

Фуму вынщүэ: (Родная литература). Учебник для 7 кл. – Б. Адабият, 2007. – 192 с.

Фуму йүян: (Родная речь). Учебник для 2–3 кл. – Б. Илим, 2007. – 151 с.