Шор басуу

Википедия дан

Шор басуу, топуракты шор басуу – сууда эрүүчү туздардын топуракта топтолушу. Көбүнчө чөлдүү жана жарым чөлдүү туюк ойдуң жана түздүктөрдүн топурагы шорлонот. Туздардын топуракта табигый түрдө топтолушу – алгачкы шор басуу деп аталат. Мында тоолордон же көтөрүңкү жантайыңкы жерлерден агып түшкөн суу көптөгөн туздарды жууп, көл, океандарга агып чыкпаса ал бууланат да, составындагы туздар топурак нымында топтолуп чөгөт.

Сугат жерлеринде топурактын суу режиминин бузулушунан экинчи жолу шор басуусу мүмкүн. Туюк түздүктөрдү сугарганда жер астындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, топуракты шор басышы ыктымал. Топуракты шор басуудан сактоо үчүн туура сугаруу, топуракты шордон арылтып жууп, суунун сыртка агып кетүүсүн камсыз кылуу керек.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]