Шууту

Википедия дан

Шуутукырк чоронун бири. Манаска чоро болуп келгендердин алгачкыларынан. Ш. белгиленген жолдон, багыттан адашпаган, ар нерсени өз учурунда туура түшүнгөн жөн билги чоронун бири катары "Карсактын изин жаңыл бас, Кадыр, Жайнак, Шууту бар" деп көпчүлүк чоролор менен бирге саналат. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча окуянын жүрүшүнө жараша Ш-га ар кандай мүнөздөгү тапшырмалар берилет. Алмамбеттин келишинде ага анын жолун тостуруп Алмамбетти алып келүү милдети тапшырылат. Манас Бээжинди каратканда Бакай Таласка кабарга Ш-ну жиберет. Каныкей жаман түш көрүп, Ш-ну кайра Бээжинге жөнөтөт. Ш-нун Манаска кат алып келатканын билген Коңурбай аны кармап алууга аракеттенет. Ш. качып Алмамбеттин жардамы менен кутулат. Ш. да Бээжиндеги салгылашта окко учуп, курман болот. Эпостун экинчи бир жеринде ал өлбөй тирүү калып, "Семетей" бөлүмүндө Манаска берилген чоролордун бири катары Абыке, Көбөшкө каршылык көрсөтүп, Каныкей, Семетейге болушат. "Манас" эпосунда Ш-ну башкалардан айырмалап бөлүп, өзүнчөлүгүн атайын белгилеп көрсөтүү үчүн "үзүктөй калпак эр Шууту" деген туруктуу эпитет колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4