Ысак Шайбеков

Википедия дан

Ысак Шайбеков.Жазгыч ырчылардын салтын уланткан атактуу акын Ысак Шайбеков 1880 – жылы Кеминдин Чоң – Кемин айылында туулган. Жаш кезинен жетим калып, оор турмушту башынан кечирет. Түрдүү байлардын малын багып, малайлыкта күн көрөт.

Ошол азап – тозоктун запкысын көрүп олтуруп, анын ырчылыгы да, инсандык көз караштары да калыптанат.

Адегенден эле таптык сезими ачык болуп, кедей – кембагалдардын оор турмушун кантип оңолтуу керек, ошол турмуштун күнөөкөрлөрү ким, түпкү себеби эмнеде деген суроолорго жооп издетип, чыгармачылыктын жолуна түшүрөт.

Ысак Шайбеков 1900 – жылдары Токмокто диний мектепке окууга кирет. Бирок кат сабатсыздыгы жоюлгандан кийин мектепте окуусун таштап, ар түрдүү канцелярдык иштерди аткарып жүрөт. Айрыкча Быстровка кыштагында ата – энелердин өтүнүчү менен балдарды окутат.

1916 – жылы кыргыз элинин башына түшкөн үркүндө эл менен кошо Ысак да Кытайга качат. Падышалык бийлик, жергиликтүү бай – манаптар чыныгы элдик эзүүчүлөр экендигине биротоло көзү жеткенден кийин Кытайдан кайра келип, Кеңеш өкмөтүн ар тараптан колдоп, анын уюмдарында кызмат кыла баштайт. Ал биринчилерден болуп “ Пролетарлардын демократтык союзу ” деген алгачкы уюмга мүчө болуп кирет. Анын таасири менен жаш совет бийлигин колдоодо өтө активдүүлүгүн көргөзүп, Алмата шаарында өткөн Советтердин биринчи съездине делегат болуп катышат. Ал съезд совет бийлигин ар тараптуу колдоого, эскинин саркындыларын жоюуга арналган съезд болуп, ага Орто Азия элдеринен көп делегаттар катышкан. Съезд иш жүзүндө совет бийлигинин орногонун билдирип, карапайым элдердин таптык сезиминин ойгонушуна алып келген.

Совет бийлигине чыныгы берилгендикти көрсөткөн Ысак Шайбеков 1920 – жылы Нарын чөлкөмүндө жаңыдан орногон совет бийлигине каршы бай – манаптар менен ак сөөк орустардын көтөрүлүшүн басууга катышат. Ал эми 1922 – 1924 – жылдары Быстровка волостунда ревкомдун төрагасы болуп кызмат кылат. Андан кийин көп жылдар бою айыл чарбасынын тармактарында жана жергиликтүү уюмдарда ар түрдүү кызматтарды аткарат.
Чыгармачылыгы жагынан же ырчылык дарамети жагынан жамакчы ырчынын деңгээлинде болсо да Ысак Шайбеков жыйырманчы кылымдын башында болуп өткөн окуялардын таасири менен кыргыздар жашаган коомдун түрдүү жактарын көркөм чагылтууга аракет кылган. Акындын чыгармачылыгында өзөктүү орунду ээлеген окуялар 1911 – жылда болгон Кеминдеги жер титирөө жана 1916 – жылдагы көтөрүлүштөн улам элдин Кытайга качышы болуп саналат.

Ырас, совет мезгилинде кырк жыл жашап, 1958 – жылы дүйнөдөн кайткан Ысак Шайбеков ал мезгилдеги жаркын окуяларды, белгилүү даталарга байланыштуу өзүнүн ой тилектерин көп жазган. Анын чыгармалары акыркы жолу 1975 – жылы жарык көргөн “ Кайран эл ” деген ырлар жыйнагына топтоштурулган. Совет мезгилинде жазган ырларында партияны, Ленинди, Совет бийлигинин жетишкендиктерин, өзү күбө болгон маанилүү окуяларды, адамдарды, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштан жапа чеккен элибиздин түпкү мүдөөсү болгон тынчтыкты даңазалап ырлар жазган. Андай багытта акындын ырлары канчалык арбын болсо да профессионалдык жазма адабият пайда болуп, анын мыкты өкүлдөрүнүн өлбөс – өчпөс чыгармалары жаралып жаткан шартта акыл – эсти бийлеп алгандай таасирден алыс болгон , башкача айтканда, жалпы хордун ичинде билинбей калган. Маселенин бул жагын алганда мунун өзү бир эле Ысак Шайбеков эмес, Көптөгөн ырчылар дуушар болгон закон ченемдүү шарт эле. Кантсе да Ысак Шайбековдун бүткүл чыгармачылык күчүн, түшүнүк көз караштарын даана чагылтып турган чыгармалары “ Зилзала ”, “Азган эл”, “Кайран эл”, Кайткан эл” поэмалары болуп саналат.

Жогоруда белгилегендей, “Зилзала” поэмасы 1911 – жылы болгон жер титирөөдөн жапа чеккен элдин оор жана аянычтуу абалы жөнүндө баяндайт

Ошол жер титирөө жөнүндө Молдо Кылычтын, Калык Акиевдин да чыгармалары бар. Алар да өз түшүнүктөрүнө, чыгармачылык өзгөчөлүгүнө жараша ошол теманы чагылтышкан.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

П.Ирисов "Ырчылар чыгармачылыгы".