Ысык-Көл облусунун табияты

Википедия дан

Ысык-Көл облусунун табияты — Облустун аймагы негизинен 2 бөлүктөн турат: Ысык-Көл ойдуңунан жана Ысык-Көл сыртынан (түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо менен чектелген күдүрлүү кенен аймак). Рельефи жалпысынан татаал. Ысык-Көл өрөөнү түндүктөн Күнгөй, түштүктөн Тескей Ала-Тоолору менен курчалган. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында бири бирине жакындашып, тоо аралык туюк мейкиндикти пайда кылат. Ысык-Көл батышындагы Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү менен туташат. Чоңдугу жагынан Ысык-Көл өрөөнү Орто Азияда Фергана өрөөнүнөн кийинки 2-орунда. Анын борбору бөлүгүн Ысык-Көл ээлейт. Көл түздүктөр менен курчалган. Ичке жээк тилкелерин кум каптап жатат, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздак жерлер да кездешет. Тескей Ала-Тоонун түштүгүндө деңиз деңгээлинде кыйла көтөрүңкү, климаты катаал плато сымал түздүктөр сырт жайгашкан. Облустун аймагындагы кырка тоолор негизинен кеңдик багытта созулат. Эң чыгыш бөлүгүндө алар бири-бирине жакындашып, Кантеңир (Музтоо) тоо тоомун пайда кылат. Мында жалпы Теңир-Тоонун эң бийик жери – Жеңиш чокусу (7439м) жайгашкан. Кен байлыктарынан алтын (Акшыйрак тоосундагы Кумтөр кени), көмүр (Жыргалаң, Cөгөттү), калай (Сарыжаз суусунун өрөөнүндө), полиметалл (Жыргалаң полиметалл кендер тобу), вольфрам, жез, висмут кендери, цемент даярдоого жарактуу акиташ теги (Күрмөнтү), айнек куму жана башка курулуш материалдарынын кендери бар.

Дарылык касиети бар көптөгөн минералдуу ысык булактардын базасында Жети-Өгүз, Жыргалаң, Ак-Суу, Чолпон-Ата «Көгүлтүр Ысык-Көл», Тамга, «Кыргыз деңизи» жана башка бальнеологиялык курорт, санаторийлер иштейт. Облуста дары баткактардын ири кендери Кылзыл-Суу, Тамга, Жыргалаң, Күрмөнтү, Карой, Чолпон-Ата, Чоктал, Улаколдо табылган.

Климаты бийиктик алкактуулукка байланыштуу. Курчап турган кырка тоолор муздак абанын өрөөнгө киришине тоскоолдук кылат. Ошондой эле көлдүн жыл бою тоңбогон суусу өрөөндүн климатын жумшартып, Теңир-Тоодогу башка тоо аралык өрөөндөрдүкүнөн өзгөчөлөнүп турат. Көлдүн жээк зонасында жайы салкын, июлдун ортосунда температурасы 18°C ге жакын. Кышы жумшак, түштук жана түндук жээктеринде январдын ортосунда температурасы –2°C, батыш бөлүгүндө –4°C, чыгышында –10°C ге чейин. Жылдык ортосунда температурасы 6–7°C дей, максимуму (мүмкүн болгон максималдуу темп-ра) 27–30°C, минимуму – 12...–18°C. Өрөөндүн батышынан улан, чыгышынан санташ шамалдары согот. Эң кату шамал – уландын ылдамдыгы 25–30 м/секундага жетет. Улан менен Санташ бир убакта согуп, бири бирине беттешсе, көл үстүндө катуу толкунду пайда кылат. Көл жээктеринде бриз шамалдары басымдуу. Батыштан келген аба агымынын басымдуу болушу өрөөндүн батышы менен чыгышына жааган жаан-чачындын чоң айырмачылыгын пайда кылат. Өрөөндүн батышында жайгашкан Балыкчы шаарынын айланасында жылына 110 мм (Кыргызстандагы эң кургакчыл жер), чыгышында Түп аймагында 569 мм жаан-чачын жаайт. Чыгыш бөлүгүндө кар көп түшөт. Өрөөндүн батыш бөлүгүнүн жазы салкын, жайы ысык, күзү узак, кышы суук, кар жаабайт. Жаан-чачын бардык жеринде жайында көп, кышында аз жаайт. Ысык-Көлдүн сырты кескин континенттик кургак, катаал климаты менен айырмаланат. Жылдык орточо температурасы 3°Cден –7°Cге чейин. Кышы узак, январдын ортосунда температурасы –21°C -40°C ге чейин аяз болот). Жайы кыска, салкын (абанын орточо температурасы 7°C). Көп жылдык тоң менен катар айрым жерлерде топурактын мезгилдүү тоңушу да байкалат. Cырттарда жылдык жаан-чачын 200–300 мм, негизинен кар түрүндө жаймезгилинде да жаайт. Аязсыз күндөр чанда болот. Күнгөй Ала-Тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 221 км2, Тескей Ала-Тоодогу мөңгүлөрдүн аянты 1081 км2ди түзөт. Күнгөй Ала-Тоодогу мөңгүлөрдүн көбү Чоң-Ак-Суунун өрөөнүндө топтолгон. Тескей Ала-Тоонун көп сууларынын (Ак-Сай, Тоң, Тосор, Барскон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөнаксуу) башталышында мөңгүлөр бар. Муз каптоонун эң ири очогу жана ири мөңгүлөр Кантоо жана Жеңиш чокуларынын аймагында. Мында мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1517 км2ден ашат. Иримөңгүлөрү: Түштүк Эңилчек (аянты 613,3 км2), Кайыңды (107,5 км2) жана башка Cуулары кар-мөңгүдөн куралып, Ысык-Көл, Сырдарыя, Тарим, бир аз бөлүгү Чүй (батышта) жана Иле (чыгышта) дарыяларанын алаптарына кирет. Көлгө 118 агын суу жана мезгили менен аккан өзөндөр куюп, андан бир да суу агып чыкпайт. Батыш бөлүгүнүн суулары чакан, чыгышындагы суулардын чыгымы 6–8 м3/секдан 10–20 м3/секудага чейин көбөйөт (Түп, Жыргалаң).

Ири суулары: Жыргалаң (уз. 250 км), Түп (120 км), Каракол, Түргөнаксуу, Чоң-Ак-Суу, Жети-Өгүз, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Барскон жана башка сугатка пайдаланылат. Өрөөндүн түндүк-батыш бөлүгүнөн Чүй дарыясы чыгышынан Каркыра суусу (Иле суусунун алабы) агып өтөт. Ысык-Көлдүн сыртынан Нарын жана Сарыжаз суулары башталат. Облустун аймагында дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири Ысык-Көл жайгашкан.

Өрөөндүн түздүгүндө батыштан чыгышка карай таштуу бозомук күрөң, агыш күрөң, күңүрт кара коңур, кара топурактар таралган. Cырттарда бийик тоолуу, чөлдүү тала жана талаа, чала чым көңдүү, такырлуу, тундра жана начар өөрчүгөн таштуу топурактар басымдуу.

Өсүмдүктөрдүн таралышы бийиктик алкактуулук закон ченемине байланыштуу.

Алкактар сериясы облустун батышында жээк түздүктөрдөгү чөлдүү алкактан башталып, жогору жагында жарым чөл жана шалбаалуу талаага өтөт, чыгышында төмөнтөн жогору карай токой-шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан. Андан жогору бардык жерде субальп, альп жана гляциалдык-нивалдык алкактар жатат. Батышындагы чөлдүү алкакта (1700–2200 м) учтуу күүдүрөк, теңиртоо шыбагы, чекенде, көп жалбырактуу төө куйрук формациясы басымдуу. Жарым чөл алкагы 2500 м бийиктикке чейин жетет. Мында негизинен кавказ аккылканы жана теңиртоо шыбагы өсөт. Бадалдардан төө куйрук басымдуу. Түздүктүн чыгыш бөлүгүн талаа алкагы ээлейт. Мында дан өсүмдүкбетегелүү талаа, чыгышында түркүн чөп өсүмдүктүү талаа менен алмашат. Шалбаалуу талаа алкагы өрөөндүн батышында тоонун бийик этектери менен орто бийиктиктеги тоолордун көлөкөлүү капталдарында, чыгышында түздүктөрдө жайгашкан. Бул алкакта чымдуу талаанын дан өсүмдүктөрү – бетеге, кыргыз аккылканы же чөл сулуусу, түркүн чөптөр жана мезофилл тибиндеги дан өсүмдүктөрү менен аралаш өсөт. Андан жогорку токой-шалбаа талаа алкагы жайгашкан. Токой өсүмдүктөрү карагай менен бадалдардан турат. Алардын арасында түркүн чөптүү дан өсүмдүктөрү өсөт. Тескей Ала-Тоонун токойлору парк тибине кирет: карагайлар жалгыздап же топ-топ болуп өсөт. Cубальп алкагынын төмөнкү чеги өрөөндүн батышы менен чыгышында болжол менен бирдей бийиктикте (3000–3200 м) жатат. Мында бийик тоолуу түркүн чөп-бетеге-шалбаалуу талаа, ыраң-доңуз сырты жана дан өсүмдүктүү, түркүн чөптүү шалбаа өнүккөн. Альп алкагында (3400 мден жогору) кыска чөптүү альп шалбаасы басымдуу, бадал өсүмдүктөрү өспөйт. Нивалдык алкакта аскалуу кырлар, корум, морена, кар-мөңгү жатат.

Ысык-Көлдүн жээгин бойлой суулардын жайылмаларында камыш, агростис, ыраң жана жапайы арпалуу шалбаа, каксоо жерлерде чычырканак, бөрү карагат, итмурун, чий өсөт. Облустун Cыртында шыбак-бетегелүү тоолуу талаа, ыраң-доңуз сырттуу шалбаа басымдуу; мамык чөп, эңилчек кездешет. Cуунун жайылмаларында табылгы, чычырканак, кайың өсөт. Өсүмдүктөрү туташ тилкени түзбөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Улуттук Энциклопедиясы.