Эбегей

Википедия дан

Эбегей "Манас" эпосундагы каарман. Саякбай Карала уулунун айтуусундагы "Кенен" эпосунда Жанаалы Карачтын балдары, Э., Көгөй Кенендин баатыр чыкканын угуп, атайылап кол курап келишет. Аларды тосо чыккан Акжолтой "түбүбүз бирге тууганбыз, касташпайлы" деп, минип жүргөн тулпары Кулунсурду тартуу тартат. Э. Көгөй Кенен менен эл болуп, Таласка көчүп келишет. Сейтек менен Акжолтой дүйнөдөн өткөндөн кийин экөө Кенендин ишенген баатырлары, таянычы, насаатчысы, кеңешчиси болуп калышат. Эки баатыр тең Чыңтемир менен болгон теңдешсиз согушта набыт болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4