Эварист Галуа

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Эварист Галуа.

Эварист Галуа (26. 10. 1811, Париждин жанындагы Бур-ла-Рен — 30. 5. 1832, Париж) — француз математиги.

Республиканы жактаган революционер. 1830-ж. Жог. нормалдуу мектепте окуп жүрүп, саясий күрөшкө катышкан. Королдук реяшмге каршы чыккандыгы үчүн эки жолу түрмөгө камалган. Түрмөдөн чыгары менен дуэлден каза болгон. Галуанын математикалык эмгектери өз доорунан алдыда турган. Ал (азыр Галуа теориясы деп аталган) чектүү талаалардын теориясын түзгөн.

Галуанын негизги эмгеги Ж. Лагранж менен Н. Абель баштаган алгебр, тендемелердин радикал аркылуу чыгарылышы жөнүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде жазылган. Анын идеялары табият таануу м-н квант механикасында колдонулат.

Байланыштуу макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.