Эгембердиев, Самыйбек Абазович

Википедия дан

Эгембердиев Самыйбек Абазович (1923-ж. т., Жумгал району, Сары-Камыш айылы) — геолог, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын (1972) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1976) лауреаты.
1940—41-ж. КММИде окуган, 1942-ж. Фрунзе жөө аскерлер окуу жайын бүткөн.
1942—45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1952-ж. С. Орджоникидзе атындагы Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн.
1952—55-ж, Кадамжай, Терек рудниктеринде участкалык геолог, улук геолог, 1955—59-ж. геологиялык партиянын начальниги, 1959—75-ж. Кыргыз ССР Геологиялык башкармасынын начальнигинин 1-орун басары — башкы инженери, 1975—88-ж. начальниги, 1988—89-ж. Геологиялык чалгындоо иштери боюнча Кыргыз өндүрүштүк бирикмесинин (геологиялык башкармасы ушундай өзгөртүлгөн) генералдык директору болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын жана алтындын ири кендерин, калай кендерин ачууга жана чалгындоого жетекчилик кылган.
Кыргыз ССРинин геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1973), Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975—90). Кен чалгындоо отличниги, ардактуу кен чалгындоочу. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.