Эдуард Вильде

Википедия дан
Eduard Vilde (1911)

Эдуард Вильде (эст. Eduard Vilde; 4-март 1865-жылы, Пудивере — 26-декабрь 1933-жылы, Таллин) — эстон жазуучусу, эстон адабиятындагы сынчыл реализмдин көрүнүктүү өкүлү.

Чыгармычылыгын журналисттик иштен баштан, адегенде юморлук аңгемелер, фельетондор жазып жүргөн. Вильде «Катаал крайга» (1896), «Темир колдор» (1898), «Мяэкюлалык сүт сатар» (1916) романдары менен «Махтрадагы согуш» (1902), «Ания дыйкандары Таллинне» (1903), «Мальтсвет пайгамбар» (1905—1908) деген трилогиясында дыйкандардын жана жумушчулардын турмушун сүрөттөгөн. Вильде бир нече аңгеме, публистикалык макалалар, пьесалар да жазган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.