Элдик музыкалык аспаптар

Википедия дан

Элдик музыкалык аспаптар "Манас" үчилтигинде элдик музыкалык аспаптар кеңири баяндалат. Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантында комуз, жез комуз, чоор, сурнай, керней, добулбас, доол (добул) дап, жезнай, жекесан, наама, нагыра, сыбызгы, чилмардан, чымылдак, баңдалуу, жылаажын жана башка музыкалык аспаптар кандай учурларда ойнолгондору жөнүндө кеңири айтылат. Аталган музыкалык аспаптардын кыргыздарга белгилүү болгондугун эпос айгинелейт. "Манас" эпосунда кан Жакып Манастай уулдуу болгондо тойдо айтылуу шайырлар "дутар менен комузун колдоруна алып чертишип", "сурнайларын суулап тартышып, ырчылары ырларын айтышат".

"Манас" эпосунда баяндалган ар кандай эпизоддо музыкалык аспаптар тойлордо, өзгөчө жортуулдарга аттанышканда, душмандын үшүн алууда жеңиштерге жетишип, желектерин (тууларын) көтөргөндө (илгенде) пайдаланган. Алар негизинен үйлөмө түркүмдөрүндөгү аспаптардан ансамблдешип, чакан оркестрди түзүшкөн. "Манас" эпосунда ар бир аспаптын добушуна, тартылышына, кагылышына жараша так аныктама, сыпаттоо берилген. "Күлөөчүгү күлдүргөн. Доолбасты бир салып, Жоо келерин билдирген" (Сагымбай Орозбаков, 2. 45), — деп душмандын келеринен кабар алса, бирде жоокерлерди чогултууга, бирде жоого, жүрүшкө аттанганда, бирде жеңишти салтанаттаганда кагылган, бирде "добулбас кагылып, тууга байрак тагылган". "Манас" эпосунун варианттарында добулбастын, доол, добул түрлөрү бар. Алар бири-биринен көлөмү, жасалышы жагынан айырмаланса да, добулбастай эле милдетти аткарышкан:

Кол канжыга башына

Бирден доол байлатып,

Билериги — баары алтын

Чагарагы — сары алтын (Сагымбай Орозбаков, 2. 45).

Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө "алтын ооз кернейди арылдата тарттырып, алтын доолду кактырып" жөнөшкөн. Ал такай согушту да, көчтү да коштоого алган. Доол, добулбастын дагы бир түрү добул. Ал да жоокерлер жоого жүрүшкө аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу аспап катарында колдонгон.

"Манас" эпосунда урма аспаптардын ичинен барабан да бар. Ал да башка аспаптардай эле жоокерчиликтин ар кандай көрүнүштөрүндө кагылган. Мисалы, Орго кан чабуулга аттанарда:

Урушка сокчу барабан,

Дүңгүрөтө кагыптыр.

Үч жүз миң экен аскери,

Үргүлөп атка мингени,

Чоң уруштун кернейин

Кернейчи тартып ийгени,

Оргодон бөлөк жан калбай

Кара түгүл, кан калбай

Баары урушка киргени (Сагымбай Орозбаков, 2. 85), — деп барабан кагылып, керней тартылганда жапырт жоого аттанышып, душмандар менен салгылашкан. "Керней тартты бапылдап, Сурнай үнү такылдап", — деп барабан, керней, сурнай үндөрү ансамблдешип да аткарылган.

Элдик музыкабыздагы байыркы аспаптын бири сурнай. Абалтан эле ал дагы аш, тойлордо, жортуулдарда тартылган. Сурнай жеке, башка аспаптардын коштоосунда ансамблдешип, өзүнө чакан оркестрди түзгөн. Көпчүлүк учурда сурнай, керней менен бирдикте аткарылып: "Керней, сурнай тарттырып Жарчыга кабар айттырып" (Сагымбай Орозбаков, 2. 60). Кабар айттыруучу, жоокерлерди, калкты чогултуучу аспап катарында тартылган. Какма музыкалык аспаптардын түркүмүндөгү "чилмарданды кагып шакылдап, көпчүлүктүн баарын көчкөн кытай калкылдап" сан колдуу жоокерлер, калайык калың калктын баары чогултулган. "Манас" эпосунда жезнай, сыбызгы аспаптары дагы сүрөттөлөт. Алар да ар кандай шарттарда тартылган. Мисалы, элдик салтанатта жезнай менен сыбызгынын добушу "Жезнай үнү ызылдап, Сыбызгы үнү тызылдап" (Сагымбай Орозбаков, 2. 391), — деп айтылат. Башка аспаптардай жезнай да чоң согуштарда, жортуулдарда, чабыштарда кол салууда тартылган.

"Манас" эпосунда баяндалган аспаптын дагы бири — дап. Ал түркүмү жагынан урма аспаптардын тобуна кирет. Дап негизинен какма, үйлөмө, урма аспаптар менен ансамблдешип аткарылган. Ал добушу жагынан да алар менен ажарлана айкалышкан. "Манас" эпосунда дап жөнүндө: "Керней тартып бапылдап, Дап согулуп дапылдап" (Сагымбай Орозбаков, 2. 391), — деп айтылат. Ошентип, дап, керней, сурнай тартылып, чилмардан жана алтын купалуу добулбас кагылган. "Манас" эпосунда үйлөмө аспаптардан чыңыроон жолугат. Ал дагы башка музыкалык аспаптардай эле көпчүлүк учурда душмандарга чабуул коюуга аттанарда жана кан төгүлгөн кармаштарда тартылган. Буга: "Чыңыроон үнү такылдап Сыр бараң үнү жаңырып" деген ыр саптары күбө. Ал добулбас менен кайымдаша үн алыша кагылып, сыр бараңдарды коштоого алган. Душмандардын үшүн алып, жүрөктөрүн түшүрүүгө да көмөк берген. "Манас" эпосунда байыркы урма аспаптардын бири — баңдуулу жоого аттанарда жоокерлерди чогултууда, калкка кабар берип жыйноодо кагылган. "Баңдуулусун уруптур, Каңгыраган добушун, Бир күндүк жер угуптур". Баңдуулу да добул, кернейлер менен кошо кагылып жар чакырууда колдонулган. "Манас" эпосунда кездешүүчү аспаптардан нагыра да айтылат. Аны "Тойго какчу нагыра, Атемир азыр чалдырды" деген саптары ырастайт. Манас жомогунда жекесан, жылаажын өңдүү музыкалык аспаптардын түрлөрүнө, түркүмдөрүнө кирген ар түрдүү көлөмдөгү, добуштагы коңгуроолор да болгону айтылат. Алар да жортуулдарда кагылган. Мисалы, жекесан Бокмурундун Көкөтөйдүн ашын бергенде "Жебилгеси жер чийип, Жекесан үнү баш жарып" — деп, сүрөттөлөт. Бул саптар жекесандын добушунун бийиктигин жана анын кандай учурда кагыларынан да кабардар кылат. Ал эми жылаажын, жекесандын добушунун назиктиги, көлөмүнүн кичинелиги, кагылышы, жасалышы менен айырмаланат.

"Манас" эпосунда наама, дутар өңдүү музыкалык аспаптар да кездешет. Көкөтөйдүн ашына Кокон кандын Козубек, Маргалаңдан Малабек, Алты шаардан Алабек, Букардын каны Темиркандар алтымыштай жигитке ырларын ырдаттырып: "Көчүгү кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырып" келишкени айтылат. Ал эми Нескара ашта каарын төгө: "Бура тартып боор атып, Боз жезден кылган чоор тартып" Коңурбай менен Жолойго кошулат.

"Манас" эпосунда эбак музыкалык маданиятыбыздын пайдалануусунан чыгып калган жекесан, дап, баңдулу (баңдуулу), добулбас, жезнай, чыңыроон, сыбызгы, доол, дутар, добул, жылаажын, най, нагыра, наама, чымылдак, барабан, чилмардан сыяктуу аспаптардан кабар бериши музыкабыздын тарыхынын изилденишине да баалуу салымын кошмокчу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4