Элементтердин геохимиялык классификациясы

Википедия дан

Элементтердин геохимиялык классификациясыхимиялык элементтердин геохимиялык жактан окшоштугуна жана белгилүү табигый шартта бирге концентланышына карай бөлүнүшү.

Мындай классификациянын бир нече түрү бар, алардын ичинен кеңири колдонулгандарын норвегиялык геохимик В. М. Гольдшмидт (1924) жана орус геологдору В. И. Вернадский (1927), A. Е. Ферсман (1932), A. Н. Заварицкийлер (1950) түзүшкөн.

В. М. Гольдшмидттин классификациясында химиялык элементтер генезисине, парагенезисине, химиялык курамдарынын окшоштугуна жана табигый ассоциацияланышына жараша 4 топко ажыратылат:

  • 1) атмофиль элементтерине суутек, азот жана инерттүү газдар (He, Ne, Ar, Kr, Хе жана Rn) кирет;
  • 2) халькофиль элементтеринин тобу сульфиддүү кенташтарды түзгөн химиялык элементтерден (S, Cu, Zn, Ga, Ge, As, Se, Ag, Cd, In, Sn, Sb, Te, Hg, Tl, Pb, Bi, Po) турат. Бул 19 элемент биригип жер кыртышынын массасынын 0,046% ин түзөт;
  • 3)литофиль тобуна силикаттарды түзгөн элементтер (Li, Be, В, С, O, F, Na, Mg, Al, Si, R, Cl, K, Ca, Ti, V, Cr, Mn, Br, Rb, Sr, Zr, Nb, I, Cs, Ba, TR, Hf, Ta, W, At, Fr, Ra, Ac, Th, Pa, U) кирет, o. эле алардын оксиддери, галогениддери, карбонаттары, сульфаттары, фосфаттары да табиятта көп кездешет.

Бул топтогу элементтер жер кыртышынын массасынын 93% ин, океан суусундагы туздун массасынын 97% ин түзөт;

  • 4) сидерофиль элементтери (Р, Fe, Co, Ni, Mo, Ru, Rh, Pd, Re, Os, Ir, Pt, Au) жердин ядросунда басымдуулук кылышы ыктымал.

В. И. Вернадскийдинклассификациясында химиялык элементтер радиоактивдүүлүгүнө, продесстерге катышуу жана химиялык бирикмени түзүү жөндөмдүүлүгүнө жараша 6 топко бөлүнөт:

  • 1) асыл газдар - He, Ne, Ar, Kr, Xe, Rn;
  • 2) асыл металлдар - Au жана платина тобундагылар;
  • 3) циклдүү элементтер - Н, В, С, O, N, F, Na, Mg, Al ж. б.;
  • 4) чачынды элементтер - Li, Sc, Ga, Br, Rb ж. б.;
  • 5) күчтүү радиоактивдүү - Ро, Ra ж. б.; 6) сейрек жер элементтери - Ү, La жана лантаноиддер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4