Эльмира Ногойбаева

Википедия дан

Эльмира Абылбековна Ногойбаева (6-август 1971 Чүй облусу, Кыргызстан) — "Эсимде" изилдөө аянтчасынын жетекчиси, Жарандык эл агартуу академиясынын негиздөөчүсү, жана социалдык процесстерди изилдөөчү. Полис Азия аналитикалык борборунун жетекчилеринин бири.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын ата-энеси кесиби боюнча энтомологдор. Үй-бүлөдө төрт кыз болгон. Эльмира Ногойбаева апасы менен экспедицияларда, жаратылышта, тоодо көп жүргөнүн жана бул анын келечектеги кесип тандоосуна чоң таасирин тийгизгенин айтат.

Эльмира Ногойбаева 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1994-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошондой эле экономикалык билим алган. Турмушка чыккан, 1 кыз, 1 уулдун энеси.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-1999 жж. - Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын экономика институтунун, саясий изилдөө бөлүмүнүн илимий кызматкери.

1999-2004 жж. - Кыргыз - орус билим берүү академиясында улук окутуучу.

2004-2008 жж. - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунда редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы, башкы эксперт. "Ориентир" аналитикалык журналынын редактору.

2007- "Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси, адистиги - аналитикалык изилдөө жана саясат боюнча консалтинг.

2008-2009 жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын тышкы саясатты изилдөө борборунун директору.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007 ж. - Борбордук Азиядагы Америка университетинин Коомдук изилдөөлөр борборунун саясат боюнча тематикалык лидери.

2007-2011 жж. - Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылган бир катар аналитикалык жана илимий долбоорлордун эксперти.

2012 ж. - Славян таануу борборунун изилдөөчүсү. Жапон фонду. Хоккайдо университети (Япония).

2004- азыркы учурга чейин INTAS программасынын Саясий изилдөөлөр боюнча эл аралык Евразия тармагынын мүчөсү (Брюссель).

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Эсимде» телеберүүсү. Эльмира Ногойбаева. 25-январь, 2021 ж.

Эльмира Ногойбаева. Мадина Тлостанова менен маек.21-март 2023-жыл, Калмак-Ашуу капчыгайы, Кыргызстан

Мырзайым Жаныбек кызы. Эльмира Ногойбаева: Память – сильный инструмент возвращения к собственной идентичности. CABAR.asia, 10.03.2023

В. Джаманкулова. Люди Кыргызстана. Эльмира Ногойбаева АКИpress,