Эл аралык Түрк Академиясы

Википедия дан

Эл аралык Түрк Академиясы (ITA – International Turkic Academy) — Академия Нур-Султан шаарында жайгашкан. Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти – Дархан Куандык уулу Кыдыралы

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009 жылдын тогуздун айынын 3-дө Азербайжан Республикасынын Нахчиван шаарында өткөн Түрк тилдеш мамлекеттер башчыларынын IX саммитинде Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев түрк дүйнөсүн изилдөөчү эл аралык илимий борбор куруу тууралуу сунуш жасаган. 2010-жылдын бугу айынын 25 де Казакстан Республикасынын борбору – Астана шаарынын Тынчтык жана келишим сарайында Түрк академиясы ачылды. Бирден-бир илимий изилдөөчу борбордун тушоо кесерине Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен Түркия Президенти Абдулла Гүл, жана ошондой эле Казакстан, Түркия, АКШ, Орусия (Татарстан, Башкыртстан, Чуваш, Якутия), Өзбекстан, Кыргызстан, Украина мамлекеттеринин көрүнүктүү түрколог-илимпоздору катышты. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкекте 2012-жылдын баш оона айынын 22-23 күндөрүндө өткөн Түрк Кеңешинин II саммитинде Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия Республикасынын Президенти Абдулла Гүл, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Артур Расизде Түрк академиясына эл аралык мертебе берү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Академияны курган мамлекеттер бул келишимди ратификациялагандан кийин 2014 жылдын баш оона айынын 28 нен баштап Түрк академиясы эл аралык мартабысына ээ болду. Ошентип, түрк тилдеш төрт мамлекеттин эркин түрдө курган бирден-бир эл аралык илимий уюму – «Эл аралык Түрк Академиясы» өз жумушун баштады.

Негиздөөчү мамлекеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасы,

МАКСАТЫ МЕНЕН МИССИЯСЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Максаты:

Байыркы доордон ушу кезеңге чеинки түрк ааламынын тарыхын, тилин, адабиятын жана маданиятын изилдеп, түрк мамлекеттеринин дүйнөлүк дэңгээлдеги орду менен өзгөчө үлүшүн түпкү даректердин негизине таянып, жалпы түрк дүнүйөсүнө катыштуу илимий изилдөөлөрдү ылайыкташтыруучу бирден-бир борборго айлануу.

Миссиясы:

Түрк элдеринин илимий коомдоштугунун илими менен билимине, ошондой эле башка да түрк тилдеш мамлекеттердин ишмерлеринин демилгелерине шарт түзүү жана алардын башын бир багытка көздөө.


Эл аралык кызматташтык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Түрк Академиясы ушуга чеин 40 тай илимий изилдөө институттар, түркологиялық борборлор менен байланыш түзүп, меморандумдар менен бекітті. Алардын катарында Мажарстан Улуттук Илимдер Академиясы менен илимий изилдөө борборлору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясы, Монголия Улуттук Академиясы менен изилдөө институттары, ошондой эле Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынын изилдөө институттары бар. Корея, АКШ, Түркия сыяктуу көптөгөн элдердин кадыр-баркы жогору турган оку жайлары менен да тыгыз байланыш орногон. Ошондой эле Академия 100 чакту чет элдик белгилүү түрколог алымдар менен биригип олуттуу жоболорду ишке ашырууда. Эл аралык Түрк Академиясы Түрк Кеңеши, ТүркПА, ТҮРКСОЙ жана Ислам тарыхын, өнөрү менен маданиятын изилдөө борбору (IRCICA) менен да өнөктөштүк орнотту.

Ички түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий Кеңеш Эл аралык Түрк Академиясынын эң жогорку уюму – Илимий Кеңеш. Уюмду башкаруу курамына ар бир тараптан (Түрк Кеңешине мүчө элдер) бир өкүлдөн, ошондой эле Түрк Академиясынын Президенти жана вице-президенттери кирет.

Президент Президент тараптар (Түрк Кеңешине мүчө элдер) мамлекетинин азаматтары арасынан төрт жылдык мөөнөткө кайта шайлоо негизинде дайындалат. Эл аралык Түрк Академиясынын тунгуч президенти – тарых илиминин доктору Дархан Куандык уулу Кыдыралы. Ал бул кызматка 2014 жылдын кулжа айынын 4-5 күндөрү Түркиянын Бодрум шаарында өткөн Түрк Кеңешинин IV саммитинде Кеңешке мүчө төрт элдин мамлекет башчыларынын чечими менен дайындалды. Эл аралык Түрк Академиясы Казакстанда жайгашкандыктан алгачкы президенти Казакстан тарабынан дайындалды. Уюм башчысы Түрк Кеңешине мүчө элдердин англис тилиндеги расмий аталыштары боюнча алфавит тартибине ылайык ротациялык (кезеги менен) негизде алмашып турат: Азербайжан, Кыргызстан жана Түркия.

Вице-президенттер Эл аралык Түрк Академиясынын президенти Казакстан жарааны болгондуктан вице-президентикке калган Түрк Кеңешине мүчө элдерден үч вице-президент дайындалат.

Изилдөө борборлору Эл аралык Түрк Академиясында беш изилдөө борбору иштейт: тарых жана этнология; тил, адабият жана терминология; өнөр жана маданият; социалдык-экономикалык изилдөөлөр жана эл аралык изилдөөлөр. Бул борборлор түрк дүйнөсүнүн өзөктүү маселелери менен маданиятын, тарыхын, экономика жана интеграция багыттарын изилдейт.

Академиянын эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Түрк Академиясында куруучу элдер менен бирге түрк дүйнөсүнүн илимпоздору иштейт. Академия түрк дүйнөсүнө тиешелүү көптөгөн эл аралык олутту жоболорду ишке ашырды. Төрт жылдын ичинде 50-гө жакын илимий китептерди басып чыгарды. Алар азыркы түркология, түрк тарыхы, маданияты, өнөрү, түрк элдеринин болочогу сыяктуу темаларды камтыды. Ошондой эле Академияда түркология менен алтаистиканын өзөктүү маселелерин илим жагынан изилдөөчү «Алтаистика жана түркология» жана эксперттик талдоо багытындагы «GLOBAL-Turk» аттуу эл аралык журналдар чыгат. Буларда илимий эксперттик макалалар төрт тилде (казак, орус, англис, түрк) басылып чыгат. Мындан сырткары түрк тилдеринин сөздүктөрү басылды. Академия 2010 жылдан баштап түрк тарыхы, маданияты жана түрк уулунун мыкты чыгаандарына арнап көптөгөн эл аралык конференцияларды, форумдарды, жыйындар менен семинарларды өткөзөт.

Түрк китепканасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Түрк Академиясынын астында түрк китепканасы курулган. Белгилүү түрктаанучулардын жеке китепканалырынын негизинде курулган китепкананын кору азыр 15 миңден ашты. Белгилүү түрктаанучулар Абдуали Кайдар, Абжан Курышжан уулу, Коңыр Иштван Мандокинин жеке китепканалыр да Академиянын китепканасына берилди. Китепканада сейрек китептер менен колжазмалар кору да бар. Тарыхый жазма эстеликтердин катарына кирген колжазмалардын көчүрмөлөрү да топтолгон. Китепканадан түрк жана моңгол улуттарына арналган жеке-жеке китеп текчелер да бар. Атап айтканда казак, түрк, азербайжан, кыргыз, өзбек, түркмөн, башкыр, татар, карачай, хакас, чуваш, каракалпак, ногой, бурят ж.б. боордош элдердин адабияттарын табууга болот. Азыр түрк китепканасынын электрондук базасы дайындалууда.

Музей[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Түрк Академиясынын кол астында ачылган музейден түрк элдеринин ар кезеңде жасаган баалу эстеликтерин көрүгө болот. Түрк элдеринин маданий мураларын заттай жана фото-өжөт катары жыйноо жумуштары улантылууда. Музей 2014 жылдын тогуздун айында жаңы тарыхый экспонаттар менен толукталып, кыйла бөлүгү жаңыртылды.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык Түрк Академиясынын расмий сайты http://www.turkacadem.kz/kz/ Archived 2014-12-16 at the Wayback Machine Эл аралык Түрк Академиясынын Facebook желесиндеги расмий баракчасы: https://www.facebook.com/ita.com.kz